www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) согуштан жана кургакчылыктан жапа чеккен Ооганстандын алыскы аймактарына колдоо көрсөтүү үчүн чукул арада 36 миллион доллар керек экенин билдирди. Бул каражат Ооганстандагы аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү, мал-жандыкка жем-чөп жана кышка буудай камдоо үчүн керектелет.

Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңсесинин директору Рейн Полсен 14-сентябрда Кабулдан видео байланыш аркылуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кургакчылык Ооганстандын 34 провинциясынын 25инде 7,3 миллиондой адамдын жашоо-тиричилигине таасирин тийгизгенин билдирди. Анын айтымында, 4 миллиондой ооган жаранын азык-түлүк тартыштыгы тооруп турат. Кургакчылыктан улам 3 миллиондой мал-жандык жут коркунучуна кабылууда.

"Алыскы аймактардагы миллиондогон оогандыктардын тамак-ашы жана кирешеси айыл чарбасына байланган. Айыл чарбасы өлкөнүн ички дүң жыйымынын 25 пайызынан көбүн түзөт", - деп билдирди Полсен.

13-сентябрда БУУ Женевада Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча конференция өткөргөн. Анда эл аралык донорлор оогандыктарда 1 млрд. 200 млн. доллардай каражат бөлүүнү убада кылышкан.

Адеп БУУ согуш, коронавирус пандемиясы жана кургакчылыктан улам гуманитардык кризиске кептелген Ооганстанга 600 млн. доллар чогултуу максатын койгон эле.

Эске салсак,  "Талибан" кыймылы 15-августта ооган бийлигин ээлеп алгандан бери өлкөдө баалар көтөрүлүп кеткени кабарланууда. Бир катар банктар жабык турат. Иштеп жаткан банктарда кардарларга аз өлчөмдөгү гана акча чыгарууга уруксат берилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости