www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровду Тажикстанга кимдер коштоп кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Тажикстанга иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Душанбе шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышат.

"Садыр Жапаров 16-сентябрда ЖККУнун саммитине, ал эми 17-сентябрда ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстандын төрагалыгында өтөт.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларынын Афганистандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

• тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

• коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков;

• президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

• Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков;

• коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

• коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

• өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУда Кыргызстандын Улуттук координатору Казыбек Көчкөнов.

Эске салсак, Садыр Жапаров буга чейин да Тажикстанга иш сапары менен барып кайткан. Өлкөдөгү айрым саясий-эксперттер президенттин жумушчу сапарын "салкын мамиле" болду деп сыпатташкан. Анткени, ал кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин болгон. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости