www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев милицияга сурак берип чыккандан кийин өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтканына караганда, Курсан Асановго тиешелүү интернетте тараган видеодо Жанар деген сөздүн жана ага кошумча дагы бир маданий ишмерлердин президентке жазган арызынын негизинде эки иш биригип, бир кылмыш иши козголгон.

“Бийликти басып алуу боюнча бир дагы саясатчы менен бийликти басып алуу боюнча сүйлөшпөгөнүмдү айттым. Кымындай да далил жок экен. Маданият ишмерлердин элди митингге үндөгөн дегени да жалган. “Бийликти басып алалы”- деп интервью да, же, көчөдө чакырык жасаган эмесмин. Бир дагы киши аны далилдеп бере албайт” - деди Жанар Акаев. 

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

15-сентябрда ИИМге суракка ЖК депутаты Жанарбек Акаев да чакырылды. Азырынча ал сурактан чыга элек.

ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов да ИИМде суракта болду.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. Адвокаты ал фейк маалыматтын негизинде кармалганын билдирген. 15-сентябрда Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев кармалды, деп жазып чыкты Азаттык.

Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаевдин атасы, Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев:

--«Менин уулум эч кандай кылмыш ишине барган эмес жана барбайт. Эгерде УКМК мындай зөөкүрчүлүгүн койбосо Гаитидеги Тонтон Макулардан жаман болот. Ташиев менен Жапаровко эскертерим: От менен ойнобогула! Силер эч кимдин тиреги эмессиңер. Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла. Болбосо кеч болуп калат. Экөөңдө эч кандай электорат жок. Балким бандиттеринер бардыр. Алардын да кой деп коёр ата энеси бар. Күчкө күчтү каалап турасыңарбы? УКМК айдактаган ит эмес. Алар жалпы элдин коопсуздугун коргой турган орган»-деп жазган коомдук ишмер өзүнүн социалдык баракчасына.

Маалыматка ылайык, Сарыбаев бийликти күч менен басып алуу боюнча тараган маалыматтын негизинде суракка чакырылган.  

Ошондой эле Айылчы Сарыбаев уулун, бүгүн, 15-сентябрда эртең менен саат 07:00дө суракка кирип кеткен боюнча кайра чыга электигин билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости