www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият кызматкерлеринин президентке кайрылуусу деген катта жазылгандар боюнча Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековду да суракка алды. Бул тууралуу 15-сентябрда Келдибеков сурактан чыкты.

Келдибеков эмнеге суракка чакырылганын ачыктардын.

“Биз сурак берип жатканда Сонунбүбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Суракта маданият кызматкерлеринин кайрылуусу дегендеги түшкө кирбеген, ойго келбеген нерселер боюнча суроолор берилди. Ким фальсификация кылса, ошону ким жасаган болсо жоопко тартылышы керек”, -деди ал.

Эске салсак, Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

Бүгүн, 15-сентябрда ИИМге суракка ЖК депутаты Жанарбек Акаев да чакырылды. Азырынча ал сурактан чыга элек.

ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов да ИИМде суракта болушту.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости