www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 7 Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, 44 аким бар. Алар 30 жыл аралыгында өлкөнүн өнүгүшү үчүн кандай салым кошо алды? Алар өлкөнү алга сүрөбөй эле, тескерсинче артка тартууда. Алар лента кесишет, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатат, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт. Мындай немелердин эмне кереги бар? Аларды жоюп таркатыш керек! Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Жер-жерлердеги Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен акимдердин өзалдынча маселе чечүүгө рычагы деле жок экен. Андан көрө аларды жоюп, айыл өкмөттөрүн күчтөндүрүш керек. Премьер-министр алар менен түз иштешсе деле болот», - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg