www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Төрөбаев мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында өтүп жаткан “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Депутат Бакыт Төрөбаев аталган конференциянын “Ишенимди жана регионалдык кызматташууну бекемдөө жолу аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү” аттуу сессиясында баяндама жасап, чек аралардагы жаңжалдар менен конфликттик кырдаалдардын башаты мамлекеттик чек аралардын бүтпөгөн дилимитация процесси болуп саналаарын баса белгиледи. “Мамлекеттик чек аралардагы жаңжалдар менен конфликттик окуялар кырдаалды курчутуп, чек арага танапташ жашаган элдердин, эки жактын чек арачыларынын өз ара мамилелерин бузат. Эки жакка тең моралдык сокку болуп, жалпысынан бийлик органдарынын имиджине терс таасирин берет”,- дейт ал. Ошону менен катар Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессиндеги оң кадамдарды белгиледи.
“Чакырыктар менен коркунучтарга каршы аракеттерди көрүүдөгү жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү элдин социалдык жактан корголушун бекемдөө, региондордогу жумуш менен камсыздоо деңгээлин көтөрүү, чек ара аймактарында нормалдуу турмуш агымы үчүн баардык шарттарды түзүү зарылдыгын белгилесек болот”,- дейт депутат Бакыт Төрөбаев. Анын белгилөөсүндө, мындай маселелерди чечүү менен ички миграция агымы тартипке салынат, жарандардын чек араларда ар кандай мыйзам бузууларга барышын азайтат.
Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү отуруму өтөт. Ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнүн 150дөн ашуун парламентчиси катышууда.
Булак: NazarNews.kg