www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Алтынбек Сулайманов саясий куугунтук менен коррупция боюнча соттолгон адамдардын жакындары жабыркабашы керектигин айтты.

"Коррупцияга каршы күрөш болуш керек. Коррупция ишине катышкандар өз жазасын алганы туура. Бирок жакындары дагы жаза алганы бир жагынан туура, экинчи жагынан туура эмес. Саясий куугунтук болуп, туура эмес соттолгон болсо анын жакыны дагы жабыркап калышы мүмкүн. Эмне үчүн бул мыйзам долбоорунда депутаттыкка баргандар эле каралып жатат? Президент, өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик кызматкерлердин бардыгын мыйзам кылып киргизүү шарт", - деди депутат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов. "Коррупция боюнча соттолгон жарандардын Жогорку Кеңештин депутатына шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталып жатат. Ошондой эле ошол берене боюнча соттолгондордун жакын туугандары өз талапкерлигин коё алышпайт", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости