www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында болгон чырда үйү өрттөлгөн Кыргыз жараны Манас Саматов аталган үйүн 20 жылда иштеп курган. 20 жылдык мээнети күйгөн жабырлануучунун айтымында, атасынан калган 2 бөлмөлүү үйүн, 20 метрлик сарайын ичиндеги буюмдар менен кошо атайын өрттөшкөн. Бул тууралуу ал NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Саматов жубайы, балдары менен Россияда жашап, эмгектенишүүдө. Жаңжалга чейин ал тунгуч уулун короо-жайды, чек араны коргоо үчүн Россиядан Баткенге жиберген.

Манс үйү өрттөнгөндөн кийин Кыргызстанга келүү үчүн Россиядагы Кыргыз элчилигине кайрылган. Элчилик анын маселесин орчундуу экенин эске алып, алгачкы чартердик каттамда жөнөтүүгө убада берген.

Жабырлануучу: “Үйүмдүн, жеримдин кызыл китеби бар. Ал жер мыйзамдуу түрдө бизге-Кыргызстанга таандык. 15-20жылдан бери чек арада коркуп жашайбыз, биз корккон күн 31-майда болуп, алар бизге күтүүсүздөн кол салышты. Бийликтен суранаарым чек араны күчтүү режимде кайтарып, бизге коопсуздукту камсыз кылып беришсин.

Биздин өкмөт башчылардан Кубатбек Боронов менин айылыма барганын,  атайын отряд менин үй-жайымды, короомду кайтарып турат деген маалыматты угуп кубандым. Кыргызстандын 7 облусунан менин ден соолугумду, апамдын, баламдын абалын сурашканы үчүн терең ыраазымын. Мамлекет калыбына келтирүүгө жардам бере турганына ишенем”, - деди Манас Саматов.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 31-майында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында булак суусун колдонуу укугу боюнча чыр чыккан. Аталган булак Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Чечме айылында жайгашкан. Жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 25тен ашуун жаран медициналык жардамга муктаж болсо, өзбек тараптан да 20дан ашуун киши жаракат алганы маалымдалды.

Чырдын кесепетинен Өзбекстандын аймагындагы үч үй өрттөлсө, кыргыз тараптан бир үй менен 8 авто унаа күйгөнү кабарланды.

Өзбекстандын жарандары Кыргыз айылына ушинтип чабуул коюшкан.

 

На изображении может находиться: небо, облако, гора, на улице и природа

Конфликт на границе: Бишкек и Ташкент договорились о совместном ...

На границе Узбекистана и Кыргызстана произошел конфликт, сгорели ...

Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов чыр болгон жерге барышты.
Премьер-министр Абдулла Арипов в селе Чашма. 1 июня 2020 года.

"Окуя болгон күнү кызым неберелерим менен келген эле. Бактыга жараша, алар чек арачы уулум менен качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Келечекте чек араны коргой турган неберелим аман-соо. Чек арадан 50-60 метр алысыраактагы балама деген үйдү жоокерлер, өкмөт, эл-журт сактап калышкан", - деди балдарынын амандыгына топук кылган ата. 

вапров  прпо

Булак: NazarNews.kg

Последние новости