www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Конституциянын атасы" делген Өмүрбек Текебаевдин тарыхына кайрылып, ачуу чындыкты өзүнүн "Фейсбук" баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Сулаймановдун жазганы төмөндөгүдөй:

"Өмүрбек Чиркешовичтин комментарийине комментарий:

Өмүрбек Чиркешовичтин кечээги айтып чыкканын окуп алып, мындан 8 жыл мурунку окуялар эсиме түштү.

2010-жылы күзүндө жаңы парламент келип, өзүнө төрага шайлоодо накта демократияны, парламенттик башкарууну, жаңы Конституцияны иштетүүдө өзүнүн биринчи кадамын таштады. Ал кезде бийлик Убактылуу Өкмөттүн колунда болчу.

Бийликтен эл корккон жок, Убактылуу Өкмөт ойдогудай добуш ала албады, шайланып келген депутаттар да бийликтен корккон жок. Өмүрбек Текебаевди төрагалыкка шэйлабай койдук, бул күнү Текебаев утулган жок, демократия утту десек болот. Ошол күнү демократия орноп, парламент бийликке тишин көрсөтүп, өз алдынча башкаруу системасын түзө алды. Бирок ал жакшы көрүнүш көпкө узабады.

2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп келген күнү, биринчи ишин парламентти чөгөлөткөндөн баштады. Ахматбек Келдибековду төрагалыктан алып түштү. Ушул жерде Өмүрбек Текебаевсиз бул план ишке ашмак эмес. Өмүрбек Чиркешович мага таарынбаса керек, бул тарых - өзү жазган Конституцияны өзү талкалай баштады.

Жаңы өкмөт башчысы Текебаевге да, Атамбаевге да жакпады, жаштар күчтөнүп кете электе буларды жайлабасак болбойт деген бүтүмгө келип, Өмүрбек Бабановду да өкмөт башчылыганан айдашты. Ошол күндөн баштап мамлекетте супер президенттик башкаруу пайда болду. Бул тарых, буга Өмүрбек Чиркешовичтин салымы чоң. Ошентип, Текебаев Атамбаевге бүт бийликти колуна карматты, ошол кетирген катасынын азабын бүгүн көрүп жатканын өзү да билсе керек...

Биз баарыбыз ура!-лап айтканыбыз башка, жасаганыбыз башка. Бул биздин чоң проблемабыз. Ошондуктан башкаруу системасы да өзүбүзгө жарашз болуп жатат. Бизде парламенггик башкаруу деп айтканыбыз менен, жашообузда башкача. парламенттин орду жок! Бул чындык!", деп Алтынбек Сулайманов жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости