www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери Бишкек шаардык тургунун тапанча менен коркутту деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун өкүлдөрү Бишкек ШИББнин бардык бөлүмдөрүнө байланышып чыккан. Алардын баары Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалган тууралуу маалыматты тастышкан эмес.
“Эгер, мисалы, биздин кызматкер кандайдыр бир жагдайлар менен убактылуу кармоочу жайга түшүп калса, бизге ошол замат атайын кабар жөнөтүшөт. Биздин ички тергөө кызматыбыз бар. Алар ошол замат жерине барып окуяны териштирет. Аталган окуяда атайын кабар түшкөн жок”,-деп водомстводон билдиришти.
Ошондой эле, тапанча менен коркутуп кармалган адам эч качан аталган кызматта иштебегенин белгиледи.
Белгилей кетсек, oppa_kg Telegram-каналында 19 жаштагы баланы Жазалардык аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери тапанча менен коркутуп жатат деген видео жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg