www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште «бээ десе, төө» деген депутаттар жетишээрлик кездешет. Көпчүлүгү маселенин маңызын түшүнбөй же айтып жаткан, көтөргөн көйгөйү боюнча терең маалыматы жок эле, эптеп эле кожо көрсүнгө сүйлөй беришет.

«Окубасам да оюмду айтып коёюн» дегендей эле, өздөрү айтканды өздөрү түшүнбөйт. Мына жакында Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков Максим Бакиевге таандык улутташтырылган 48 коттеджди жең ичинен арзан соодалап жибергени үчүн камакка алынды.

Эми бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу: «МегаКомдун баасын биз арзандатсак, Казаков неге камалды?» – деп «дөөрүдү». Казаков эмне иш боюнча камалганын билбей, оттоп кеткен жоругуна бети чымыраган жок. Деңгээли плинтустан төмөн тура..

Булак: “Фабула”

Последние новости