www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл сентябрда өтчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын бюджетинен 316 млн. сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште отчет берип жаткан өкмөттүн мүчөсү, каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Быйыл Көчмөндөр оюндарына канча акча жумшалаарын “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева сурады. Касымалиев бул акча Спорт агенттигине жана Маданият министрлигине бөлүнүп берилгенин, бул акча оюндарды өткөрүүгө жана байгелерге коюларын белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаков бюджеттен бөлүнгөн 316 млн. сомду сарамжал колдонууга аракет жасаларын белгиледи:

- Биз бул сумманы оюнга жумшоону пландадык. Бирок биз бул сумманы үнөмдөп, бюждетке оорчулук келтирбеш үчүн башка каражаттарды да издеп жатабыз. Ушул тапта ыктымалдуу демөөрчүлөрдөн кошумча миллион долларга жакын акча таап койдук. Демек биз канчалык көп акча көп тапсак, жогорудагы акчадан үнөмдөп калабыз.

Исаков Көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы экенин кошумчалады.

Буга чейин Финансы министрлиги Чолпон-Атадагы ат майданды оӊдош үчүн бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөөрүн кабарлаган. Бүгүнкү жыйында Сапар Исаков бул сумма стадионду жылына камсыздап турчу каражат экенин белгиледи.

Депутаттар оюнду өткөрөөрдөн мурда өкмөттү Балыкчы-Корумду жолун оңдоого үндөштү.

Көчмөндөр оюндары алгач 2014-жылы, экинчи жолу 2016-жылы өткөн. Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости