www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде парламенттеги үч фракциянын алдында КР өкмөтүнүн 2017-жылга карата отчетунда С. Исаковго “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев:

--“Сиз Тогуз-Тородогу окуянын артында саясатчылар турарын, толугураак кийинчирек айтыла турганын айттыңыз. Бажы боюнча да маалыматтар бар экенин билдиргенсиз. Эгер маалымат болсо башка күнгө калтырбай ачык айтыңыз. Премьер-министр катары сизде маалымат көп, толтура. Ачык эле айта бериңиз, биз дагы уккубуз келет”, деген суроо узатты.

Сапар Исаков: “Бул менин укугум, качан айта турганымды өзүм билем, азыр баары эле саясатчы болуп кетти” деди.

Ошентип, аябай адекваттуу аткаминерибиз, кетээринин алдында Бакыт Төрөбаевди "сүзүп" салды. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Сапар Исаков жакында кызматтан кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости