www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

*     *     *

Стакандагы коньяк түгөнгөндө тумчуктурган суудан башын көтөрүп алгандай, бир аптыгып алды. Көкүрөк кере дем чыгарды. «Таш-Булак», андагы алакандай көл, бөрү, өлтүрүп алган Аспек заматта жок болду. Эмелеки болуп өткөн окуяны түшүндө көргөндөй эс-мас тартты. Айланасына алдыртадан көз чаптырды. Зал, ичиндеги толтура кыжылдаган эл. Дал бет алдынан Азамат Асылбашевичти көрдү. Алмандын ичип бүтүшүн күтпөстөн, бошогон стаканын тык эттире коюп, ордуна олтуруп жатыптыр. Көз ирмем аралыгында болуп өткөн оор окуя Алманга гана тиешелүү эле. Андыктан бул жердеги дуулдаган адамдардын бири да анын азыркы абалын сезишпеди. Алман стаканды столго коюп, тигил кишиге башын ийе, таазим кылып койду. Муну менен ага болгон урматын, ызаатын көрсөттү. Ушундан кийин гана арты менен жыла басып, өзүнүн ордуна кетти. Ырдап, бийлеп, ар кандай оюн-зоок өткөрүлүп, күүлдөп жаткан тай чабым келген залдагы адамдарды карап олтурду. Бет алдында ошол адамдарды тосуп турган көзгө көрүнбөгөн бекем дубал коюлгандай сезилет. Мунун эмнеликтен, кандай жагдайдан болуп жатканына өзү түшүнө албады. Ушунча адамдардын арасында өзүнүн жалгыз экенин сезип, жүрөгү сыздап кетти. Эмне үчүн атасы, энеси келбей калышты экен? Жок дегенде кечээ күнү телефон чалып койсо болмок экен. Алар менен байлашпай калганына канча жыл болуп кеткенин азыр эстей албай, буйдалды. Өзүнчө кыжаалат болду. Анан эми эле «Таш-Булактагы» окуяны дал азыр көз ирмем аралыгында кайрадан эмне үчүн «жашап» өткөнүнө түшүнбөдү. Ооба, анын болуп өткөнүнө отуз жылдан ашпадыбы. Эмне үчүн ал ушундай учурда дал өзүндөй кайталанды? Жок, ал кайталанбай эле, өзү жашап өтпөдүбү. Майда-чүйдө, сезим-туюм дегени да жаздым кетпеди го. Адам бир жашап өткөнүн дагы бир жолу, болгондо да көз ирмем убакта кайра өзүндөй жашап өткөнү эмнеси? Ушундай да болобу? Асмандагы жалгыз көздүн, анын ичиндеги бөрүнүн ошол окуя менен кандай байланышы бар болду экен? Бул эмне деген сыр, эмне деген аян? Азыр бул суроолорго жооп бере албады. Анын үстүнө ушул учурда тамада жигиттин ортого чыгып, шаңдана сүйлөгөнү тунжурай калган оюнан ажыратты:

- Урматтуу меймандар! Дарак терең кеткен тамыры менен бекем, жайылган бутактары менен көрктүү эмеспи. Анын сыңарындай, адам туугандары, жек-жааттары, куда-сөөктөрү менен күч-кубаттуу, бараандуу турбайбы. Мына, шаңга бөлөнгөн бүгүнкү салтанаттуу тойдо Алман байкебиздин да жакын, кымбат туугандары катышып олтурат. Эмесе, сөз кезеги ошол туугандарда болсун.

Төрт-беш киши ортого чыкты. Алардын айрымдарын жакшы тааный албай атты. Кайсы жагынан тууган болуп кетерин так биле албады. Алардын көздөрүнөн көздөрү тайгылып, тике кароого эрки жетпей атты. Мунусун байкатпоого тырышып, жандарына барып туруп калды. Орто бойлуу, болугураак келген кызыл жүздүү, жетимиштерге аяк таштап калган адам микрофонду колуна алды. Өзүн токтоо кармап, сүйлөп кирди:

- Кыргыздын жашоо-турмушунда той-аш деген нерсе өзгөчө мааниге ээ эмеспи. Анткени алыстагы туугандарың менен жолугуп, жүз көрүшө турган себеп той болот. Мына бүгүн да туугандар чогулуп, Алмандын тоюнда олтурабыз. Алмандын ата-энеси тойдун көркүн чыгарып, төрдө олтурушу керек эле. Бирок, энеси ноокастап, ооруканада жаткандыктан келе албады. Атасы ал кишини каралап калды. Көпчүлүк туугандар да шартка байланыштуу келе алышпады. Кыш-күрөө, жол алыс дегендей. Ага карабай, анча-мынчабыз келип олтурабыз. Мезгилдин учкулдугун кара, кечээ эле мектепти бүтүрүп, илим-билим издеп айылдан кеткен бала эми минтип, эр ортонуна келип калыптыр. Адеп укканда ишене албай да кеттик. Себеп дегенде биздин көз алдыбызда ошол мектепти бүткөн мотурайган бала боюнча калыптырсың. Алман, садагасы, эми ушул тоюң кут болсун. Өмүрдү узунунан берсин. Адеп атаңдын берген аманатын тапшырайын. Ал кургур сага бир жорго алып, байлап койду. Кишилериңди жиберип алдырып ал. Ага чейин мунусун тапшыра турайын. - Ал колундагы шөкөттөп жасалган камчыны сунду. Беркилер саймалуу чепкен менен калпак кийгизишти. Он чакты киши тырс-тырс алакан чапкан болушту. Карыя кайра сөзүн улантты:

- Мына ушул тай чабым залда олтуруп, баятан бери көп ойго баттым. Кишинин иши киши менен дейт эмеспи. Алыста жүргөн уулубуздун мынчалык даражага келгенин билбептирбиз. Жөн киши ушунча киши менен алака түзүп, ушунча киши менен байланышабы. Тигинде өкмөт тараптан келген да кишилер олтурат. Эл оозунан түшпөй жүргөнүң да ушундан улам турбайбы. Алман чоң бизнесмен, бай, аны жасады, муну жасады дегендерин угуп, тууган катары сыймыктанып калабыз. Ошондой нерсени бизге деле жасап берсе деп айылдаштарың үмүт кылып жүрүшөт. Эми ар нерсенин өз убагы бардыр. А бизге сенин аман жүргөнүң керек. Тойго той улансын, балам.

Ал Алманды чекесинен өпкөн болду да, өз ордун карай жөнөдү. Берки кишилер артынан басышты. Алардын бири микрофонго кол сунуп барып, жанындагылар кетип баратканын көрүп, ийнин куушуруп коюп, басып кетти. Негедир бул кишилер Алмандын көзүнө кеч күздө ала-булут каптаган асманда кайтып бараткан каркырага окшоп көрүндү. Бул жолу колдор да чабылбады. Ал камчыны мыжыга кармаган боюнча саамга ордунда серейип туруп калды, анан жанындагы кишилерге калпак менен чепкенди чечип берди. Камчы колунда калды. Аны мыжып, кармалай берди. Жан-дүйнөсүндөгү жанагы боштук ушул камчы колуна тийгенден кийин ого бетер оңурайып, ошол жерден сызылып муздак шамал уруп киргендей, өзүнчө ичиркенип кетти. Буга чейин билинбей келген ата-энесине, туулуп-өскөн жерине болгон сагыныч, көкүрөк сыздаткан куса баш көтөргөнүн сезди. Ошондой адамдардын, ошондой жердин бар экенин эми эстегендей элейди. Буга кошумча болгондой, ушул учурда жалпыга белгилүү ырчы жигит ата-эненин асылдыгын, алардан өткөн кымбат адамдын жок экенин, аларды колдон чыгарып жибере электе барктап, кадырына жетип калуу, урматтап калуу ар бир баланын ыйык парзы, ошондуктан бир чымчым топурак салып коюудан башка да, алар үчүн көп нерселерди жасап үлгүрүп калуу керектигин, элес албай жүрүп колдон учуруп жиберген соң өкүнүп, көз жашын көлдөтүп ыйлоонун кажаты жок экендигин безилдеп ырдап кирди. Бул ырды мурда канча укпады дейсиң. Обону да бир башкача мукам, жүрөк кылын дирилдеткен, сезим козгогон керемет нерсе экен. Кызык, ушундай да болобу? Жөнөкөй эле обон, ыр менен адам жүрөгүн ушунча козгоп, жан-дүйнөгө ушунча бүлүк түшүрүүгө болот экен да. Эмне үчүн бул ырдын маанисин мурда түшүнгөн эмес? Азыр гана жете түшүнүп олтурат. Бул да ал үчүн өзүнчө ачылыш эле. Байкабай олтуруп эле бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтүп кеткенсиди. Ошо  дүйнө ага тааныштай да, бейтааныштай да көрүндү. Жөн гана көптөн бери жолукпагандыктан көзү чоочуркап, ортодогу жука пардадан даана көрүнбөй, андыктан тааный албай, бүшүркөдү...

Бир маалда нары жакты күңүрттөнтүп турган ошо парда акырын ачылып кетти. Тигине, эми көрүндү. Айылдын ортосундагы чоң мектептин айланасы ызы-чуу түшүп, балдарга толгон. Алардын арасында жүргөн өзүн көрдү. Бешинчи класста окуган кези экен. Негедир тигилерден айырмаланып турду. Кийген кийими, турган турпаты. Өктөмүрөөк чыккан үнү, батыл айтылган сөздөрү. Ал бул жерге минип келген жаңы велосипедин көрсөтүп жатты. Балдар тегеректеп, суктана карашат. Колдору менен сыйпалаганы канча. Анткени классташтарынын биринде да андай нерсе жок болучу. Ал тургай мектеп директорунун баласында да. Демек, ал бул жагынан да айырмаланып турду. Ушул учурда төбөсү көк тиреп, беркилерден кыйын экенин, колунан бардык нерсе келерин сездирип атты.

Жанагы парда жабылып барып, кайра ачылды. Ошол эле мектеп. Эми сегизинчи класста экен. Чоң танаписке чыккан балдар дагы аны тегеректеп алышкан. Бүгүн дыркыратып тээп келген «Ява» мотоциклин көрүп жатышат. Мектеп боюнча эч кимдин мындай керемет нерсеси жок болучу. Ал өзүн космоско барып келгендей сезип турду. Кечээ эле жакындагысы келбей чоектогон Алмагүл айланчыктап, алыс кеткиси жок. Ал анткен сайын Расулдун итатайы тутулуп, ага жини келет. Колунан келсе Алманды мотоцикли менен кошо көтөрүп туруп, жерге былч эттире чапмак. Бирок, анте албайт. Анткени анын атасынын алдында директор өзү бөйпөңдөп турат. Тигине, ал Алмагүлдү арт жагына учкаштырып алып, айылдын чоң көчөсү менен зуу койду. Расулдун жинденгенин айтпа. Тигилер эчак узап кеткенине карабастан, жерден муштумдай таш ала коюп, артынан согуп калды. Анысын тигил экөө көргөн да жок. Муну көргөн Алман өзүнчө жылмайып алды. Анан заматта мостойду. Көз токтотуп, тигиле карап калды. Кечки күүгүмдө, айылдын четиндеги калың бакта төрт-беш бала мушташып жатышканын көрдү. Адеп аларды тааный албай атты. Наркы теректе жөлөнүп турган мотоциклды көрдү. Ошондон кийин гана Алманды, Расулду тааныды. Ал экөө жан аябай мушташып жатышат. Бирде тигил жыгылса, бирде бул жыгылат. Түйүлгөн муштумдар былч-былч эте бетке, мурунга, чекеге тиет. Расул андан олбурлуу, карылуу бала эле. Бир оокумда Алманды басып алып, эки колдоп былчылдатып кирди. Ушуну эле күтүп турушкансып, берки эки бала Расулду оодара тартты. Анан үчөөлөп тепкилеп киришти. Такыр тура албай, кыймылга шайманы келбей калганча тепкилешти. Чарчаган соң, ошол жерде тигини таштаган боюнча кетип калышты.

Парда дагы бир жолу жабылып барып, кайра ачылды. Сот кечке жууктап барып бүттү. Расулду сабап, денесине оор залал келтиргендиги, талаага таштап салып, өмүрүнө коркунуч келтиргендиги үчүн деген айып тагылган эки бала эки жылга соттолуп, жазасын жашы жете электердин колониясында өтөө чечими чыгарылды. Ал эми Алмандын күнөөсү аныкталбады. Ошондуктан сот залынан бошотулду. Сотто эмне үчүн Расул анын да кошо сабашканын айтпаганына түшүнө албады. Бирок, мында сөзсүз атасынын аракетинен болгон иш экенин сезди. Расулдун оозун кантип басып, күнөөнү тигил экөөнүн өз моюндарына кантип алдырууга жетишкенин билген жок. Эми мунун ага кереги деле жок болучу. Акталып чыкканы маанилүү эле. Чынында мушташ адеп экөөнүн ортосунда чыккан. Ошол күнү Расул мектептен тарап баратканда Алмагүлдү ыйлатып койгон. Алман менен мамилеси жакшы болуп, андан алыстап кеткендиктен ичи күйгөн. А Алман мындайга чыдай алмак эмес. Жакшы көргөн кызын кантип коргоп алганга жарабасын. Ошентип, аны эси-көөнүнөн чыккыс кылып «окутуп» койду. Бул ага гана эмес, башкаларга да сабак болушу керек. Сот залынан экөөнү милийсалар түрткүлөп, ыйлаткан бойдон наркы бөлмөгө алып кирип кетишти. Тышка чыкканда тепкичтен Расул экөө кезигип калды. Алман ага: «Көрдүңбү бала, ким менен байланышканыңды билип жүр. Керек болсо жерге кагып таштайм» дегендей түр көрсөтүп, кекирейе басып, четке түртө жөөлөп өтүп кетти. Жол четинде турган атасынын ак «Волгасына» олтурду. Аны менен машинага кошо кирип, жанынан орун алган бөрүнү көз ирмем аралыгында көрүп калууга үлгүрдү. Машина чоң жолго түшүп, жүрүп кетти. Баятан бери дуулдаган үндү кулак сыртынан кетирип, бир чекитке үңүлгөн Алман узап бараткан ошол машинаны карап туруп, терең улутунуп алды. Негедир көзүнө жаш тегеренди. Анысын сездирбөөгө аракет кыла, жанында олтурган аялынын табагына бир нерселерди салган болду. Ал Азамат Асылбашевичтен көз айрыбай карап, аны менен көз аркылуу «сүйлөшүп» олтургандыктан, мунусун байкабады. Тигил кишинин дити да Сокенде болучу. Көз учкунун жиберип, өзүнчө балкып олтурат. Бул карегине урунганда кыжыры келе түштү. «Булар эчактан бери эле тааныш го. Болбосо минтип карашпайт эле. Эмне үчүн муну буга чейин билбедим экен. Кеп ушул жакта жаткан экен го. Эртеңден баштап ар бир кадамың белгилүү болот, бир шегиң билинсе таарынба, шерменде» деген ой көөдөнүнө ийне учундай сайылып өттү. Жанагы машинага «тигил Алман» менен бирге түшкөн бөрү көз алдына тартылды. Бирок, ошол замат кайра жоголду. Сезим тереңинде чоң жолго алып чыга турган бир чыйырды капыстан таап ала койгондой, көңүлү жай боло, эми эле кыжаалат кылып жаткан белгисиз нерседен алыстап кетти.

Ортого Каныбек баштаган жоон топ киши чыкты. Булар Алман жетектеген компаниянын бөлүм башчылары, башкы адистери эле. Сөздү адеп Каныбек алды. Бул жигит орун басары болучу:

- Урматтуу Алман Сатышевич! Бүгүн биздин компаниябыздын турмушунда гана эмес, жалпы коомчулугубуздун да турмушунда чоң окуя болуп жатат десек жаңылбайм. Анткени сиз республикабыздагы беделдүү, сый-урматка бөлөнгөн адамдардын бирисиз. Сиз жетектеген чоң, даңазасы таш жарган компанияда иштеп, сиздей улуу адам менен жакын жүргөнүбүз үчүн өзүбүздү бактылуу сезебиз. Сиздей мартабалуу адам менен сыймыктанабыз. Ошондуктан мына бүгүнкү сиздин кубанычыңыз - биздин да кубанычыбыз. Элүү жылдык тоюңуз кут болсун. Буга дагы элүүнү кошуп берсин, жараткан. Жүз жылдык маараке тоюңузда да чогуу бололу. Ден соолугуңуз чың, үй-бүлөңүздөр менен бактылуу болуңуздар. Эми сиздин юбилейлик тоюңузга сунган чакан белегибиз бар эле. Ал азыркы замандын «Лексус» деп аталган кара жоргосу. Эшик алдында турат. Мына, «камчысын» алып коюңуз.

Ал кызыл тасма менен оролгон кичирээк кутучаны сунду. Ичинде машинанын ачкысы бар экен. Зал жаңырта, музыка бир шаңдуу аккордук кайрык берип, токтоду. Ага улай кол чабылды. Айрымдары туруп алып, тарсылдата алакан чаап жатышты. Ышкырып, кыйкыргандар да чыкты. Негедир ушул учурда ал туугандары олтурган тарапка көз чаптырды. Алар айланада эмне болуп жатканы менен иштери жоктой, өз ара жай сөзгө киргендей. Жанагы сүйлөгөн карыя ойго тунуп, Алманга карап олтуруптур. Көздөрү көздөрүнө чагыла түштү. Анын өткүр, негедир терең караган көзүнө туруштук бере албай, төмөн карап кетти. Көңүлүнө кайрадан күңүрт булуттар каптай баштагансыды. Чуулдак сээлдеген соң, тигилердин улам бири сүйлөп киришти. Алардын эмне деп, кандай тилектерди айтып жатышканы анча маанилүү эместей, жөн гана башын ийкемиш болуп олтурду. Колундагы ачкычты столго таштап койду. Аны Сокен шып эте ала койду. Алаканына бекем кысты. Азамат Асылбашевич алдыртадан аны карап, көз кыса, куттуктайм дегендей башын акырын ийкеп, жымыңдады. Бул да Алмандын назарынан сырт калбады.

- Алдагыны таштасаң болбойбу, жоктон тапкансыбай, - деди Сокен бир маалда. Ал Азамат Асылбашевич экөөнүн көз караштарын байкап калбады бекен деген ойдо жүрөксүй түшкөнүн билдирбеске тырышты.

- Эмнени? - Алман аялына элейе карады.

- Алдагыны айтам, колуңдагыны.

Алман колун карады. Камчыны дале кармап жүрүптүр. Аны кош колдой кармап, бооруна кысты. Азыр андан өткөн кымбат, асыл нерсеси жоктой, колунан чыгарып койсо жоготуп алчудай сезди. Бул үчүн бардык нерсесинен ажырап кала турган болсо да, кайыл эле. Жөнөкөй эле бир камчы эмне ушунча кымбат сезилип туруп алганына түшүнө албаса да, колунан чыгаргысы, бир мүнөт алыстагысы келбеди. Муну Сокен башкача түшүндү. «Кеңкелестин кылып жатканын кара. Азамат берген укмуштай кылычты, болбосо тигил ачкычты жүрөгүнө кыса кармаса болмок. Антүүнүн ордуна ушу болбогон, колдонуудан эчак чыгып калган нерсени бооруна кысып олтурганын. Кимге өчөшүп жатат бул» деп ойлоп, жаалы келе түштү. Үйдө болгондо колунан жулуп ыргытмак. А азыр анте алмак эмес. Ал тигиндей турган бирөөнө баш ийкеди. Бул тараптан көз албай турган неме лып жетти.

- Берчи ботом, тыякка алып барып койсун. - Аял анын колундагы камчыны кармады. Алман жулуп алды:

- Тарт колуңду! Эсиңде болсун, эч качан менин колумдагы нерсени талашпа.

- Апей! Сага эмне болду жыргап олтуруп?

- Айткан сөздү уктуңбу? - Ал акырын, ошол эле учурда өкүм унчукту. Кыялын жакшы билген аял кокус күчөп кетип жүрбөсүн деген ойдо жооткото сүйлөдү:

- Болуптур, болуптур. Мен жөн гана колуңду бошотоюн деп жатам.

- Менин колум дайыма бош.

Камчыны кайра бооруна кысты. Негедир башы өзүнөн-өзү бурулуп, жанагы карыя жакты карады. Ал киши дале аны карап олтуруптур. Эми анын жүзүндөгү суз ыраң тарап, жылуу жылмаюу пайда болгонун көрдү. Ошол жылуулук жүрөгүнө жылып киргенсиди. Карыянын көз карашынан: «Түсү ийгиден түңүлбө деген, уулум. Сен али өзүңдү биротоло жок кыла элек экенсиң. Ушуга тобо. Демек, дале кеч эмес, бардыгы жайында болот» деген ой учкунун окугансыды. Той уланып жатты. Зал ичи мелт-калт толгон шаңдын, ыр-күлкүнүн, жер дүңгүрөткөн бийдин, төгүлүп-чачылып айтылган жакшы тилектердин, жүрөк толкуткан укмуш бир каалоо, пикирлердин чалкыган дүйнөсүнө айланып турду.

Түн бир оокум болгон маалда Жанек акырын басып Алмандын жанына келди. Анын мостойгон жүзү бир башкача көрүнүп кетти.

- Эмне болду, - деп акырын сурады.

- Шашылыш жумуш чыгып калды. Мүмкүн болсо тигиндей чыксаңыз, - деди ал кулагына эңкейе берип. Демейде ал бейчеки кайрылып, бөөдөсүнөн чакырбай турган. Алман аны ээрчий тышка чыкты. Артынан эки жигити кошо чыкты.

- Бир нерсе болдубу? - Алман тигиге тике карады.

- Кандай десем, сизге кандай айтсам...

- Ой, ток этерин айтчы.

- Сиздин энеңиз...

- Эй, эмне эле эзилип жатасың? Айтпайсыңбы айтаарыңды. - Ал тигини колунан аткый кармап тигиндей чыга берди. Ээрчий басышкан экөөнө нары кеткиле дегендей колун шарт жаңсап койду. Экөө эшикке жөлөнө токтоп калышты.

- Энеңиз... энеңиз кайтыш болуптур.

- Эмне!?

- Энеңиз... апабыз дүйнөдөн кайтыптыр.

- Эмне... качан... кантип?..

- Ал киши көптөн бери катуу ооруп, ооруканада жаткан экен. Жарым саат мурда кайтыш болгонун сиздин иниңиз мага телефон чалды.

- Кантип... кантип ушундай болсун? Эмне үчүн мурда билдирип коюшкан жок? Эмне үчүн мага телефон чалышкан жок? Эмне үчүн?..

- Сиздин телефонуңуз албай койгонун, жаңы номуруңузду таба албаганын айтты. Сиз аны бат-бат алмаштырып турат эмессизби.

Алман өзүнчө сөгүнүп алды. Бирок, бул тигил жигитке, же телефонун айга жетпей алмаштырып турган өзүнө багышталдыбы - белгисиз эле. Ал нес болуп турду. Эмне кылып, кай тарапка басарын билбей, ордунда катып калган немедей кыймылсыз. Эмелеки шатыра-шатман түшкөн дүйнө астын-үстүн болгондой, башы айланат. Бардыгына кол шилтеп таштап, энесин көздөй шарт койгусу келип кетти. Телефон номурларын шашылыш терип кирди. Кайра анысын өчүрүп салды. Дагы бир номурду терди. «Алло, Володя, түн жарымында ойготконума капа болбо. Вертолетуң азыр учабы?» «Анча эмне ашыккан иш чыгып калды, тынччылыкпы?» «Азыр көлгө, айылга жетиш керек болуп атат». «Түнкүсүн учууга уруксат беришпейт. Эртең менен сегизде жөнөсөк болобу?» «Болуптур анда. Эртең менен байланышабыз». Телефонун куруна бекиткен кутуга салды. Жанагы калыбынан жазбай, ордунда зыңкыйып тура берди. Имаратта музыканын улам бир түрү жаңырып, эл дүңкүлдөтө жер тепкилеп, бийлеп жатты. Алмандын кайгысы, анын капысынан түшүп кеткен асманы менен иштери эмне, өздөрүнчө дуулдап, шатыра-шатман. Бет алдында турган жигит батыңкырабай, акырын унчукту:

- Эми эмне кылабыз?

Алман ага карабай терс бурулду да, ресторанга кирип кетти. Ордунда тунжурап олтурду. Эми эле уккан кабар ичин эңшерип, жүрөгүн ачыштырып жатты. «Энеңиз кайтыш болуптур» деген сөз кулагында жаңырыктап, тынымсыз кайталана берди. Муну менен иштери болбогон кимдир бирөөлөр улам бийге чакырып, колунан тартышат. Акырын башын чайкап, «ырахмат, өзүңөр бийлей бергиле» дегендей колун жаңсайт. Ага болбой эле улам бир ойсоңдогон аялдар келип, кол сунушат. Ансайын кыжыры келип, өзүн зорго кармайт. Башка жерде, башка шартта  болгондо эч нерсеге карабай, кыйсыпырын түшүрүп жибермек. А азыр той, өзүнүн тою. Ата-энесиз, жакын туугандарысыз өтүп жаткан той, каргашалуу той. Капысынан эле: «пир во время чумы» деген сөз көкүрөгүнө урунду. Эшиктен башкача түр менен кирип келгенин аялы дароо байкады. Кабатыр боло:

- Сага эмне болду, деги, тынччылыкпы, - деп сурады акырын.

- Эч нерсе болгон жок. Бардыгы жайында, тынч олтура бер.

Столдогу бош турган стаканга колун сунуп баратып, кайра тартып алды. Анын кыбыр эткен ар бир кыймылын көз жаздымынан кетирбей, карап турган жигит шып жетип, бош стаканга мелт-калт эттире коньяк куя койду. Шыңга бойлуу, эткээл келген, чытыраган чымыр денелүү, сары чийкил жигитти алгач көрүп жаткансып, тунжурай карап калды. Ал өзүнүн жардамчы жигити эле. Жанынан карыш алыстачу эмес. Ал бир нерсени туура эмес жасап койдум го деген ойдо, эки колун алдына учкаштыра кармап, какайып туруп калды. Көзүнөн кандайдыр бир сестенүүнүн, коркуунун учкуну жылт эте түшкөнүн сезди. Ушул тоону томкоро, ойду омкоро турган залкайган жигиттин анын алдында зыңкыйганы менен, ичинде байкуш болуп, бүжүрөп турганына негедир кыжыры келди. Бирок, муңайым жылмайып койду. Ушундан соң гана тигил көңүлү жайлангандай, турган калыбында арт жагына эки кадам жылып, туруп калды. Музыка башка бир жаңы ыргак менен жаңырып кирди. Ушуну күтүп тургансып, дагы бир төшүн булактаткан, жамбаштарын кызаңдата ойкуштанган келин келип, узун тырмактарын кызарта боегон, салаалары алтын шакектерге толгон колдорун сунду. Сокендин кабагы чытыла калды. Муну дароо байкаган Алман ордунан шарт турду. Бейтааныш келинди белинен сыга кучактап, ушунча бир шамдагайлык менен тегеретип, шуу кое ортого чыкты. Анан өзүнө мүнөздүү боло бербеген кыймылдарды жасап, келинди жулкулдатып, чалкалата берип, бийлеп кирди. Музыка ыргагына туура келеби, келбейби - аны менен иши да болгон жок. Эмнеси болсо да жанын таштап бийлеп жатты. Келиндин ашкере себинген күчтүү атырынын жыты, жарым-жартылай жылаңач төшү, кыймылдаган сайын булактаган кош эмчеги башын айландырат. Жок, башы эмес эле, ушул зал, аны көтөрүп турган жердин өзү айланып, чимирилип жаткансыйт. Ансайын ылдамдап, кимдир бирөөнө өчөгүшүп аткандай, жер тепкилейт. Учуп-күйө тегеренип, бирде бул тарапка, бирде тигил тарапка чыгат. Бийлеп жаткандар чет-четке чыга беришкенин да байкабады. Элес албады. Дүйнөдө ушул келин экөө гана калгандай. Аны оң-солго калчап, башын жерге тийгизе белин ийип, жылаңач жамбаштарын килеңдеттирип бийлеп жатты. Анын колдорун мыжыга кармап, бирде бул жакка, бирде тигил жакка тегерете булкат. Бир жери ооруп калат, буту-колу кокустап калат деген ой жок. Бий деген мына ушундай болот, көрүп алгыла деген ниетте жан-алакетке түшөт. Келиндин ичке белин денесине тийгизе кысып, күчүркөнө чимирилет. Зал кошо айлан-көчөк түшөт. Шыптагы шөкөттүү люстралардан түшкөн жарык бир нукка келип куюлуп, көз уялткан күчтүү жарыкка айланып кетти. Ал да төбөдө куюн сымал чимирилип жатты. Бир оокумда Алман ошол жарыкка жутулуп, анын көз илешпеген чимиригинин эркинде болуп калганын сезди. Өзүн токтото албай калды. Чимирик күчөгөндөн күчөп, бооруна жармашкан келин экөөнү жогору көтөрүп, бийиктик туңгуюгуна алып жөнөдү. Аба жетпей тумчугуп, деми кысыла баштаганын даана сезди. Андан аркысы эч эсинде жок...

(уландысы бар)

Мусакун Сатыбалдиев

Булак: «Сырдуу дүйнө»

Последние новости