www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 800 миңден ашуун вакцина сатып алат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана мамэпид көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.

Ал респиратордук ооруларды алдын алуу жана алардын экинчи толкунунун болушун эске алуу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тендер жүргүзүлүп, 11 миңден ашык сасык тумоого каршы вакцинаны сатып алууга келишим түзүлгөнүн билдирди.

«Бул пландалган вакциналар өлкө боюнча тобокелчилик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды вакцинациялоо үчүн ар бир регионго бөлүштүрүлүп берилет», - деди ал.

Анын айтымында, аба ырайынын суук болушу менен респбуликада респиратордук вирустук оорулар көбөйөт.

«Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп. Ал эми тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтөт. Пик катары белгиленген мөөнөт – декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат. Ошондой эле сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системаларды жана реактивдерди сатып алуу пландаштырылган», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости