www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалгыз кызмын. Апамдан эрте айрылып, кичинемден атамдын тарбиясын көрүп чоңойдум, бирок атам эркек киши болсо да энедей мээримин төгүп эч нерседен кем кылбай, энелүүдөн артык кылып өстүрдү. Өзүм алыскы айылдардын биринде төрөлгөм, бирок шаарда чоңойдум. Шаарда колунда бар байлардын арасында окугандыктан атам өзү жебесе да, алардын арасында кызым сумсайып калбасын деп акыркы акчасын мага жумшап, кыскасын айтканда кудайга шугур, эч бир тыйуу билбей ,кемчилмк сезбей, кеңири өстүм. Мектепте эң алдыңкы окуучулардан болуп, мен келекчекте элдин керегине жараган атуул болбосом да, атамдын ишенинчин актаган инсан болом деп билимди 1-орунга койдум. Классташ курбуларым жигиттер менен сүйлөшүп, алды турмушка чыкса да мен бир да жигит жөнүндө ойлобоптурмун. 

Өзүбүз көп жыл батирде жашап канча кыйынчылык көрдүк, анан чоңойгон сайын баарын көрүп, билип туруп болбой эле мага акча таап бер контракка, жол киреге, кийимге,окууга дегенге да уялат экенсиң. Канчалык окууну кааласам да, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп (атама айтпай, ал мени окууну таштаганга жол бермек эмес) алдым да иштейм деп белсендим. Мектепти аяктагандан соң кызыңды келин кылабыз деп келгендер башталды. Мен болсо биринчи атама үй сатып берип, анан тийем ага чейин жок деп өзүмө сөз бергем. Анткени дагы эле батирде жашачубуз, ал эми келгендерге азыр жашмын диплом алам анан мейли деп сылык узатчумун. Атам, мен, өгөй апам үчөөбүз жашайбыз. Бактыма "тууган эне эмес тутунган эне" демекчи өгөй апам да жакшы чыкты. Мага эже катары мамиле кылат. Ошон үчүн үй-бүлөмө жардам кылайын деп Питерге кеттим. Кудайга шүгүр ал жактан да жолдуу болуп жеңил жумуш таап, үйдөгүлөргө жардам берип жүрдүм. Сессия болгондо Кыргызстанга барып келем, окуумду да аяктап диплом алдым. Баары жайында.

Мына ошол Питерде жүргөндө биринчи жолу жигит менен сүйлөшүп калдым, ал кезде 20 жашта болчумун. Аты Бакыт, алгач жөн гана дос болуп жүрүп аны кантип жактырып калганымды билбей калдым. Бакыт бир үй-бүлөнүн кичүүсү экен, менден бир эле жаш улуу. Экөөбүз кыз-жигит болуп далай жакшы күндөрдү өткөрдүк. Кызыктын баары үйлөнөрдө башталды. Бакыт Питерден эле туугандарды айтып баш кошуп алалы десе мен Кыргызстанда апандын алдында жүзүм жарык болсун деп болбой койдум. Анан ал тойго камданып Кыргызстанга биринчи барып мен артынан бармай болуп сүйлөштүк. Бирок ал барып ата-энесине айтса, “шаардык кыз болсо, чет жакта жүрсө соо кыз эмес го, андай келиндин бизге кереги жок, же ошол кызды танда, же бизди танда” деп шарт коюшуптур. Өздөрү Бакытка айтпай ага деп тандап койгон кызга барып, аз кун ичинде той башташты. Ал кызда не кунөө? Ал сүйбөгөн бирөөгө бүлө болоюн деп тилек кылган эмес, мендей эле бактылуу болууну каалаган адам да. Анан Башталган тойдон баш тартпа бактылуу бол деп кала бердим.

Үйлөнгөндүн эртеси эле Бакыт кайра чалып экөөбүз телефондон сүйлөшүп жүрдүк. Ал кыздын убалынан корком, чалба эми сүйлөшпөйм дейм, бирок кайра эле сүйлөшүп алам. Андан көп өтпөй эле башка бир жигит ала качып кетти. Жылдызыбыз келишип, ага турмушка чыгып кеттим. Баарынан кызыктуусу дал ошол айылга келин болуп калбадымбы. Жолдошумдун мүнөзү Бакыттын карама-каршысы. Бирок мен ага турмушка чыкканыма ыраазымын, кайын журтум да тушунуктуу жакшы кишилер. Мен азыр эң бактылуумун эгиз-бир уул, бир кызым бар. Бакыт да уулдуу болгон, айылдагы жакшы жумушун таштап, уулу менен келинчеги айылда өзү Питерге кайра кетип калган. Экөөбүз эми бири-бирибизге чоочун адамбыз чалбайм бактылуу бол дейт кайра эле чалат. Мен сүйлөшкүм келбесе да көңүлүн калтырбайын деп жооп берип коем. Апамдын тирүүсүндө сыйлай албадым, эми бул дүйнөдө жок дегенде бир энени ыраазы кылып алкышын алсам деп тилек кылам. Кайненемди колдон келишинче сыйлайм, ага өз апамдай мамиле кылам, эркелейм дагы. Ал да мага өз кызындай мамиле кылат.

Эгерде учурунда Бакыттын ата-энеси бизге каршы болбогондо, балким, ошол үй-бүлө менен бактылуу болот белем ким билет. Бакыттын жубайы да өз ордун табат беле? Тагдыр деген ушул турбайбы. Бакыттын жубайы мен жөнүндө баарын билет, бирок Бакыт дейт. Бакыт мени унутпайт, а мен болсо бир кездерде Бакытсыз жашоо жок деп ойлосом азыр таптакыр башка кишини суйуп аны менен бактылуумун!

Бул жашоодо не болбосун жакшылыкка деген чын тура, жаштарга айтарым ата-эне эч качан жаман болсун дебейт, силер да ата-эне болосуңар андыктан суйуу же ата-эне деген тандоо турса коркпой ата-энени тандагыла.

Интернет булактарынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости