www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги  профессор Калдарбек Абдырамановду кепке тартып, элди торуп  бир канча адамдардын жана илдет менен күрөшкөн дарыгердин өмүрүн алган дарт тууралуу баарлаштык.

-Калдарбек агай, Кыргызстандагы медицинанын чыныгы абалын  короновирустан каза болгондордун  өлүмү ашкереледиби?

- Албетте, оорудан каза болгон адам көп болсо, ал медицинанын деңгээлин көрсөтөт. Бирок андан башка медицинанын акыбалын көрсөткөн чоң кемчиликтер да бар. Аларды 25-30 жылдан бери эл, өкмөт жана жетекчилер деле көрүп билип эле келишти. Анткени, кемчиликтер жөнүндө биз 15 жылдан бери айтып, аларды жоюунун конкреттүү программасын да сунуштап, көрсөтүп келебиз. Тилекке каршы, азырынча ал маселелерге  көңүл бурган жетекчи жок, ошондуктан  жыйынтык да жок болду.

- Дарыгерлер, алар дарылаган оорулуулар согуштагыдай каза тапканы үчүн ким жооп берет?

-Бул суроого жооп берүү мен үчүн өтө оор. Жоопту баары эле билишет! Көзү өткөн коллегаларымдын рухтары бейиштен орун алышын гана жараткандан суранам. Үй-бүлөлөрү, балдары, кыздары, неберелери баштарын бийик көтөрүп, алар башкалардын өмүрү үчүн өз жандарын аябаганын унутпай эстеп, сыймыктанып жүрүшүн каалайм!

-Неге бул илдеттен медиктер көп  жабыркады?

- Бир сөз менен  айтканда өкмөт,  медицина, медиктер пандемияга толук даяр эмес элек. Ошонун натыйжасы ушундай болду окшойт...

-Өлүм азайып, илдет жугузгандардын саны азайгансып калдыбы же  илдет  шаардан аймактарга жылып кеттиби?

-Бир сөз менен  айтканда элибиз бир аз эсине келип, этият боло башташты. Инфекциянын таралышына бөгөт койсок эле илдет токтойт. Негизинен инфекцияны оорунун белгилери жок, бирок инфекцияы алып жүргөн  адамдар таратышат. Ошондуктан жалпы эл ичинде чогулган жерлерди азайтып, аралык  сактап, беткап тагынганды үйрөнсөк инфекция басаңдайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости