www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан дагы 283 жаран алып келинди

30-июлда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва–Ош багытындагы учагы менен Кыргызстанга 283 жаран келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учакта орун чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия түздү.

Алар негизинен Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөт мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуу энелер, олуттуу себептери бар жарандар.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 20-марттан 24-июлга чейин 78 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 52 автобус менен 19 111 адам Россиядан Кыргызстанга жеткирилди.

Мекенине кайтуу үчүн кайрылгандар көп болгондуктан, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маал-маалы менен Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына авиакаттам уюштуруп жатат.

Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясынан улам мартта бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Россияда жашап-иштеген мигранттар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости