www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө көз жумган Азимжан Аскаров Өзбекстанда жерге берилет. Бул тууралуу журналисттерге «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова кабарлаган.

Белгилүү болгондой, укук коргоочунун үй-бүлөсү жана туугандары Тышкы иштер министрлигинен сөөктү Өзбекстандын аймагында көмүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Министрлик тарабынан кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу ТИМдин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев түшүндүрмө берди.

«Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүнүн кайрылуусуна ылайык өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, натыйжада тууган-туушкандарынын баардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды милдеттүү түрдө аткаруу талабы менен канааттандырылды», — дейт ал.

Буга чейин каза болгон укук коргоочунун кесиптештери Азимжан Аскаровдун сөөгүн Өзбекстандагы Ташкентке көмүүгө макул болгонун билдиришкен. Ал эми анын балдары ошол жерде жашаары белгилүү болду.

Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунда № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ага дем жетпей каза болгону аныкталган.

Адвокат Валериан Вахитов  журналисттерге сөөк Өзбекстанга жерге берилери тууралуу төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген:

"Анын туугандары аны Кыргызстанда жерге берүүдөн - вандализмден коркушууда", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости