www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги  жарандык активист Самсаалы Четинбаев менен Саламаттыкты сактоо министринин тегерегинде пикир алыштык.

-Самсаалы мырза, Саламаттыкты сактоо министри ишин эптей албай көп адамдын өлүмүнө себепкер болдубу?

-Акыркы эки Саламаттыкты сактоо министри жана аларды кызматка алып келгендер Абылгазиев менен Боронов баш болуп элдин убалына калышты. Адамдардын өлүмүнө себепкер болгондун баары жооп берүүгө тийиш. Соцтармактарда булардын дарегине каргыш айтып, ыйлап аткан эл толтура.

-Саламаттыкты сактоо министри кетет деген кептер айтылды. Эгер ал кызматтан кетсе, кийинки келчү министр деле тааныш тамырлардан болуп, эпидемиологиялык кырдаалдан чыгарып кете албаса не болот?

-Негизи Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине  кырдаалды түшүнгөн, ыкчам, элдин убал сообунан корккон мекенчил кадыр келиши керек. Дагы бир былжырбай келсе, элдин эле шору катат экен. Андай күндү башыбыздан кечирип жатабыз го.

- Кимди сунуштайт элеңиз, ал тармактын жүгүн ким тартып кете алат?

-Ал чөйрөдө мен таанып билген адам жок. Эч кимисин сунуштай албайм. Кантип эле бир бычакка сап кадыр чыкпасын? Ал кызматка барган адамдын велосипед ойлоп табуусунун кереги жок. Уюштургуч жөндөмү бар, ыкчам, жоопкерчиликтүү болуп, элин сүйүп иштеген адам болсо жарамак. Адамдардын убал сообунан коркпогон немелер экен. Жөн эле кызматтарынан кетип калбай баардык шалаакылыгы үчүн жооп берип, жазаларын алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости