www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишим менен Кыргызстанга 16 мектеп курулат. Бул тууралуу маалыматты Өкмөт эл өкүлдөрүнө жар салды.

Эгерде аталган фонддун берген акчасы артып же ашып калса, ага да кошумча имараттар салынмакчы. Инвестициялык каражаттын жалпы көлөмү – 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү – 1 пайыз, төлөө мөөнөтү – 25 жыл экен. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы  жарыя кылды.

Эң кызыгы 25 жылга чейин ким бар да ким жок. Баарынан кыргыз атка минерлери өтө так иштейт эмеспи...

Эң кызыгы алтынга чыланган Кыргызстан минтип насыяга мектеп салып жатканы өтө эле уят.Мектебин го салат, тытылып кеткен китебин эмне кылат. Өх-үй Кыргызстан “когда” оңолот. Онтойсуңар эле онтойсуңар....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости