www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин «Де-факто» гезитин Бакыт Төрөбаев ар-намыс, кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берди эле. Эми Адахан Мадумаров ошол эле мааниде арызданууда. Эки үлкөн саясатчы менен гезиттин редактору Амантур Мусагулов укук талаасында күрөшүүгө бел байлады.

Бекем бол, баатыр! Дал ушул алкакта биз бир сырды ачып коёлу. Негизи Мусагулов президенттик аппараттын маалымат саясатын тейлеген Алмаз Усенов менен тыгыз кызматташарын билебиз.

Эми төбөдө кара булут айланып, эки саясатчы бирдей жутуп жиберүүгө келгенде, Алмаз Усенов кандай көмөк көрсөтөт болду экен?

Эгерде сотторго коңгуроо кылып койсо, анда эле бүгүнкү «союлга» айлангандар мыйзамды буйдалатып, буйрукту так аткарып беришеби?

Бирок, Мадумаровдун адвокаты Бекибай Мамытов кыраакы юрист эмеспи, «Де-фактону» беш аргумент менен «кыкынта байлап», кутулуп чыгууга жылчык калтырбаганын алдыртан кабарлады.

Кармаш кызуу болчудай, көрө жаталы…

Булак: “Азия Ньюс"

Последние новости