www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бензин куйуучу жайлардын кардарларды алдап жүргөндүгү тууралуу маалымат тастыкталды. Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, бул маселени көтөрүп чыгып, шайлоочулардын кайрылуусу болуп жаткандыгын айтып, өкмөт мүчөлөрүнө абалды кылдат текшерип чыгуу боюнча сунушун берген. Өкмөттөн талапка ылайык жооп болбогон соң, ишти жеке көзөмөлүнө алып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага улай эле, Жыргалбек Турускулов жетектеген текшерүү тобуна эксперттер менен адистер кошулуп, май куюуучу жайларга болгон рейддер уюштурула баштады. Бүгүнкү күнү, жумушчу топтун алгачкы жыйынтыктары чыгып, Жогорку Кеңештин отун энергетика комплекс жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитетинде маалымат берилди.

Ага ылайык, Бишкек шаары жана ага жакын аймактардагы 14 май куюуучу жайлар тиешелүү текшерүүгө алынган. Алардын 11и же тагыраак айтканда 78 пайызы, кыргызстандыктарды алдап майды толук куюп бербейт. Алдамчылык кылган май куюуучу жайлардын ээлери,288 беренеге таянып, административдик  жазага  тартылсын деген талап менен,толук фактылар тууралуу маалымат, Өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча  мамлекеттик инспекциясынын метрологиялык көзөмөл башкармалыгына жөнөтүлгөн. Комитетте жыйынтуктоочу маалымат берген, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускуловдун билдирүүсүнө ылайык, алардан чечим өкмөт менен макулдашылбагандыгы тууралу жооп келген. Текшерүүгө мамлекеттик экотех инспекциясынын адистери дагы катышкандыгы билдирилди.

Эл өкүлү, Жыргалбек Турускулов, аталган мекеменин ишин Жогорку Кеңеш таңкы алтыдан баштап аткарып жатса, тиешелүү жыйынтык чыгарууда кемчиликтерди кетирип жатышкандыктарын эске алып, Өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Айнура Ахметжанованы жана орун басарыБолот Жусуевдин  өздөрүн жоопкерчиликке тартуу демилгесин өкмөт башчыга сунуштоо керектигин айтты. Өкмөт сөгүш береби, жумуштан кетиреби жоопкерчиликти өздөрү аныкташ керек. Май куюуучу жайлардын карапайым калкты алдап жаткандыгын убагында текшерүүгө жана көзөмөлгө албагандыгы үчүн мындай маселе орун алгандыгы ачык эле болуп турбайбы,-дейт депутат. Анын үстүнө, тартип бузууну текшерүү үчүн, экономика министрлигинин жана экотехинстпециянын жолдомосун алыш керек экен. Бул процедуранын дагы зарылчылыгын карап чыксак болот.  Карапайым калктын мүдөсүн аткаруу үчүн комитет жакшы эле иш кылды деп эсептейт депутаттар. Андыктан, жыйынга катышкан депутаттардын дээрлик баардыгы (бирөө гана калыс) депутат Жыргалбек Турускуловдун демилгесин колдоого алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости