www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан алтынга бай мамлекет болгон менен бул баалуу байлыкты өзүбүз иштетпей же жок дегенде зергерлик буюмдарды сатпай, куйма (слитка) түрүндө гана сыртка дүңүнөн сатып келебиз. Бул деген эч качан куну түшпөгөн, валюта менен мунайдан да кымбат байлыкты жок дегенде 2-3 эсе арзан сатуу дегендик.

Жаңы бийлик болсо экономикабыздын мына ушул мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, ата мекендик зергерчилик ишканаларды колдогон кадам жасады. Президент Садыр Жапаров 26-июлда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" ишканасынын базасында түзүлгөн "Кыргызалтын Ювелирпром" жаңы ишканасына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыкты.

Президентке жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн калыбына келтирүүгө, өндүрүш базасын модернизациялоого, иштеп жаткан зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын маалымдашты.

Мындан тышкары, аталган долбоор өлкө ичинде дагы, чет өлкөлөргө дагы ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган.

Учурда казылып алынган баалуу металлдарды өзүбүздөн иштетүү секторун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жигердүү каралып жаткандыгы белгиленди. Бул кайра иштетүүдө кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүнүн, салыктар жана өлкө жарандары үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү менен бюджетти толтуруунун эсебинен улуттук дүң өнүмдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу маанилүү милдеттерди чечүүгө өбөлгө болот.

Баалуу металлдардын казылып алынган көлөмү зер буюмдары түрүндө сатылган учурда негизги салыктардын эсебинен бюджеттин кирешеси кыйла көбөйөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости