www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата!" Артынан мен чуркадым. Жигитимди деле унутуп койдум. Атам колундагы кабын таштап койбостон чуркап баратты. Анан бир бурулушка кирип кетти. Мен дагы жөн калбадым. Чуркап бара бербедим. Таптым. Бир дүкөндүн артында жашынып туруптур.

- Ата! Бул эмне кылганыңыз? 

- Ай, кызым, кызым.

- Эмнеге качтыңыз? (Ыйлап жатам.)

- Ыйлаба, күчүгүм. Ыйлаба. Болгону жигитиң мени бул кебетемде көрбөсүн дегеним. 

- Эмне экен кебетеңиз?

- Мен таштанды тазалап иштейм, кызым.

 Үстү-башым кир. Сени менден уялат го дедим, кызым. 

- Ата! Мен сизден уялбайм. Эмнеге антип айтып жатасыз. Мен сизди жакшы көрөм. Сиздей аталар жок. Эмнеге качтыңыз. (Ыйлай бердим.)

Атамды башкача катуу кучактап ыйладым. Бечара атам, кызы атасынын кебетесинен уялат деп ойлоптур. Мен атамдан бир дагы жолу уялган эмесмин. Ооба, мектептен көп шылдың уккам. Ошондо дагы атаман уялган эмесмин. Анткени, атам кандай сонун киши экенин, бизди багыш үчүн эмнеге гана жумуштарда иштебегенин билем. 

Экөөбүз ээрчишип чыктык. Бүгүн стипендия алгам, атамы ашканага чакырдым. Экөөбүз сүйүктүү тортубузду алып жедик. Анан ээрчишип алып үйгө жөнөдүк. 

Баса, тиги жигитим менен сүйлөшпөй калдык. Качып кеткен киши менин атам экенимди айтсам, өзү эле чалбай калды. Мага баары бир. 

Булак: Bilesinbi.kg

Последние новости