www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ президент бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Күтүлбөгөн мындай жүрүшкө көпчүлүк аң-таң болду. Өзгөчө Башкы прокуратура тарабынан 7 кылмыш иши козголуп айыпталып иштен алынган Алымкадыр Бейшеналиевдин кайрадан Саламаттыкты сактоо министри болуп келгени коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Негизи шектүү катары ишмердүүлүгүнө көлөкө түшкөн адамды кайра министр кылып алып келүү канчалык элдин ишенимин жаратат деген маселе күн тартибинде турат. Деги эле коомду иренжиткен мындай кадрдык өзгөрүүлөр өз жемишин бериши күмөн.

Кадрга чукак болуп, мынтип кайра министр кыла турган болсоң, ага кылмыш ишин козгоп, жаманатты кылып кызматтан кетириштин кажети бар беле? Мындай пиар кимге керек болгон? Эгер Алымкадыр Бейшеналиев таза болсо, анын ишмердик беделине шек келтиргендер мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышы абзел эмеспи. Андай болбосо мындай шоунун өлкөгө, элге канчалык пайдасы бар? Акыры "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болгон көрүнүш токтошу керек да.

Элди ушунчалык эле макоо, маңыроо көрүп, президент баш болуп, аны жандап, коштогондор "биз өз билгенибизди жасай беребиз, крокодил учат десек учат, конот десек конот" десеңер, анда пара менен кармалып, үй камагына чыккан мурдагы Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди, өлкөгө 1 миллиарддан ашык зыян келтирип камалып чыккан Кумтөрдүн мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү дагы кайрадан кызматтарына койгула. Айтсаң тилиң күйөт, айтпасаң дилиң күйөт деген заман болду го...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости