www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев сотко жеткирилди

Бүгүн, 4-июнда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Октябрь райондук сотуна жеткирилди.

Сотто анын баш коргоо чарасы тандалат.

Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү министрликтин үч жооптуу кызматкери, алардын арасында Улук-Бек Бектурганов коррупцияга шектелип кармалган.

Өз кезегинде, Садыр Жапаров министрдин кармалганы тууралуу комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

Бүгүн, 4-июнда мамлекет башчы кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан «тергөө мезгилине» деген негизде убактылуу четтетилди.

Ал эми министрдин милдетин аткаруучу болуп  Жаркынбек Касымбеков дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости