www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт

Бүгүн, 28-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт, анын алкагында министр облустагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал менен таанышып, Нарын шаарындагы курулуп жаткан жаңы инфекциялык оорукананын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин иш сапарынын негизги максаты КР өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин алкагында Кыргызстанга берилген беш бөлүктөн турган медициналык мобилдүү клиниканы жайгаштыруу боюнча даярдык иштери менен таанышуу болгон. Азыркы учурда мобилдүү клиникалар Порт Курыкка (Казакстан) келди, андан кийин Кыргызстанга багыт алат.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча министр мобилдүү клиникаларды эң кыска мөөнөттө орнотуу иштерин уюштуруу боюнча Нарын облустук координаторуна бир катар тапшырмаларды берди. “КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үчүн республиканын алыскы райондорунда жашоочуларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү эң маанилүү болуп саналат. Ошондуктан аба ырайынын шарттарын жана жылуу мезгилдин кыскалыгын эске алып, Нарын облусуна биринчилерден болуп мобилдүү клиниканы жайгаштыруу пландалууда”, - деди министр.

Мобилдүү клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдерди жүргүзүү үчүн лабораториялык жабдык сыяктуу заманбап медициналык жабдыктары менен диагнос коюу бөлүмү, андан тышкары операция кылуу үчүн атайын бөлүм бар.

Муну менен катар бейтаптарды ташуу үчүн кичи автобус жана медициналык тез жардам унаасы да алып келинет.

Ошондой эле, Ислам өнүктүрүү банкы менен келишимге ылайык, 5 жыл аралыгында медициналык клиниканын ишине, медициналык кызматкерлердин айлык акысына, жашаган жерине, тамак-ашына, дары-дармектерге жана башкаларга байланыштуу чыгымдар аталган банк тарабынан каржыланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости