www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө 2 жаштагы наристе поезд астында калды

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында 2 жаштагы бала поезд астында калып, чарчап калды.Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири айыл тургундарына таянып, жазып чыкты. 

Окуяны айыл өкмөттөн дагы тастыкташты.

Кырсык кечээ, 27-апрелде саат 18:15те болгон. Поезд Ысык-Көлдөн Чүйдү көздөй келе жаткан.

Айыл тургундарынын айтымында, 2 жаштагы бала атасын издеп, темир жолго чыгып отурган. Ошол маалда поезддин алдында калган.

«Атасы жумуштап бир жакка кеткен экен. Бала атасын издеп, темир жолго чыгыптыр. Машинист көзүнө күн тийип, баланы байкабай калыптыр. Жол четинде отурган экен. Кеч байкап калыптыр. Ооруканага экспертизага алып барышкан. Ал жактан жүлүнү үзүлүп кеткени белгилүү болгон.

Бул үй-бүлөнүн 4 баласы бар болчу. Булар темир жолдон 4 үй бери жакта жашашат. Бала атасын дайыма ээрчип жүрчү экен. Окуяны бир киши көрүптүр. Ал жетишпей калыптыр. Бир жолу сигнал берди деп айтты», – деп билдиришти алар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости