www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысына COVID-19 диагнозу коюлду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ПТР тестинин жыйынтыгы оң чыккан. «Мен аконитти ичкениме үч күн болду, өзүмдү жакшы сезип калдым. Оорума байланыштуу азырынча аралыктан иштеп жатам», - деди чиновник.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүү берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости