www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерине май айы үчүн 131 миллион 788 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, компенсация коронавирус менен күрөшүүгө тартылган 5 094 медикке берилген.

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарында эмгектенген төмөнкү сандагы кызматкерлерге кошумча акы берилди:

стационар менен госпиталдагы 2 901 медикке 101 миллион 108 миң сом;

обсервациялардагы 651 кызматкерге 15 миллион 629 миң сом;

мобилдик бригададагы 334 кишиге 8 миллион 88 миң сом;

Тез жардам станцияларындагы 809 ак халатчанга 3 миллион 64 миң сом;

санитардык-карантиндик пункттагы 55 адамга 452 миң 900 сом;

патологоанатомиялык кызматта иштеген 8 кызматкерге 36 миң 700 сом;

башка кызматтарда (лаборанттар, анализ ташыган айдоочулар) эмгектенген 336 кишиге 3 миллион 408 миң сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости