www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы эки жылда Россиядагы курулуштарга 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек. Бул тууралуу бейшембиде өлкөнүн вице-премьер министри Марат Хуснуллин билдирди.

Ал губернаторлорго кайрылып, бул тапшырманын укуктук маселелерин иштеп чыгууну сурады.

"Интерфакс" агенттиги белгилегендей, марттын башында Россиянын Курулуш министрлиги өлкөдө 1,2 миллион жумушчу жетишпей жатканын кабарлаган.

Бул арада бейшембиде Социологиялык иликтөөлөр борборунун директору Анатолий Клюев окумуштуулардын эсебинде, жакынкы он жылда Россияда калктын жумушка жарамдуу бөлүгү 7 миллион кишиге кыскара турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости