www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уу-коргошунга уулангандарга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө жаткандар уу-коргошунду өз алдынча жасап ичишкенин билдирди.

«Жабыркагандар биздин уу-коргошунду алышкан эмес. Алгач ууланган адамдардан эмнеден ууланганын билүү керек. Булар рак илдетине чалдыккандар, алар өзүлөрү көптөн бери колдонуп келишкен. Ашказан рагы үчүн аконитти илгертен бери колдонулуп жүрүшкөн. Аларга элдик дарылоону жазып берген адам дозасын эсептебесе керек», — деген Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Бишкекте 63 жаштагы киши уу-коргошундан ууланып тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, уу-коргошун менен өз алдынча дарыланган 2 киши ооруканага түшкөнү кабарланган.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу экенин билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-апрелде Бишкек травматология жана ортомедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен үй-бүлөлүү жуптар 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда келген. Бейтаптардын айтымында, дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкен жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөн. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, азыр интенсивдүү терапия уланууда.

Ошондой эле, 20-апрель күнү «Тез жардам» кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «Белгисиз затка ууланган» деген диагноз коюлган. Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.

Эске салсак, 15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын жарыялаган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө «уу коргошун» деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости