www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мурда жазуучу деген мартабалуу, зоболоосу бийик кесип болгон”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Мектепти аяктаган соң Фрунзеге билимимди тереңдетүү максатында келдим. Ошол убакта журналистика деген мода болуп жатыптыр. Анан Кыргыз мамлекеттик университеттин алдындагы журналистика факультетине тапшырдым. Ал жерде 25 эле орун бар экен. Бирок 700 бала сынакка катышып жатыптыр. Ал кезде журналист десе эле жазуучу, акын болобуз деген ой болдуда. Ал учурда жазуучу деген мартабалуу, зоболоосу бийик кесип болгон. Жоомарт Бөкөнбаев, Аалы Токомбаев жана Түгөлбөй Сыдыкбековдой акын, жазуучулардан болобуз деген максат болгон. Бирок 25 студент өтүп, окуп калдык. Алардын баары эле журналистиканын артына түшкөн жок. Көбү илим-билим жолу менен кетип, профессор болушту. Мен өмүр бою басма сөз тармагында эмгектендим”, - дейт Гилязетдинов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости