www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында уу коргошундун тундурмасы жалпысынан 400 бейтапка берилгенин билдирди. Ал муну саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин бул чөпкө байланыштуу аракетин иликтөөнүн алкагындагы маалыматка таянып айтты.

«400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур. Эч кимисинде уулануу белгилери катталбаптыр. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет», - деди Зулушев.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров, андан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирус жана башка дарттарды дарылоодо уу коргошундун пайдасы тууралуу билдирип, коомдо сынды күчөткөн.

Эске салсак, министр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы ооруканада бейтаптарга бериле баштаганын маалымдаган. 20-апрелде ооруканада аны ичкен үч адамдын абалы оорлошкону кабарланган. Министр 24.kg агенттигине комментарий берип, абалы начарлаган бейтаптар ал сунуштаган тундурманы эмес, башка кайнатманы ичкенин айткан.

Министрди жоопкерчиликке тартуу талабы менен жарандык активист Умай Арыкова күч органдарына арыз жазган. Башкы прокурор ишти милиция карап жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости