www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Урмат мырза, Жаңы жылдын башталышы менен кадрдык өзгөрүүлөр болот деп айтышууда. Сиздин туулуп өскөн Теңир-Тоодо кандай жаңылыктар болуп жатат?  Бизге жеткен маалыматтарга караганда “Аманбай Кайыповдун ордуна Мелис Турганбаев барат” деген кептер тарады.

-Буга чейин калк "Акаев кетсе эл оңолот" деп, Акаевди кубалап жиберди. Анын ордуна Бакиев келди. Эл кайра Бакиевге нараазы болуп, “Бакиев кетсе, эл оңолот” деп Атамбаевди алып келдик. Бул адамдан деле көп өзгөрүү болбогонуна күбө болдук. Бүгүнкү күндө президент алмашуудан, эл оңолбосуна толук күбө болдук. Эми Мелис Турганбаев буга чейин Бишкек шаарында органда кызмат кылып олтурганда Нарын эли үчүн алгырлуу иштерди кылган жок жана коопсуз шаарды түзөм деп “бакырып” келип, “унчукпай” кеткендиги баарыбызга маалым. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековду колдоп, Ат-Башы районунун координатору болгону менен Ат-Башы өрөөнүнөн деле Сооронбай Жээнбековго алгылыктуу добуш алып бере албаган адам, бүгүнкү күндө облусту кантип башкарат. Эгер Турганбаевдин идеясы көп болсо иниси Аманбай Кайыповду колдоп, акылын айтып кеңешин берип, акчасы деле кудайга шүгүр, облуст бул жакта турсун Ат-Башы районунун жакыр жана жетим-жесирлерине колдоо көрсөтүп койбойбу? Турганбаевдин элге кылган жакшылыктарын уксак, Нарындын жигиттери Мелис Турганбаевди, Мелис Мырзакматовдой “арстан жүрөк, кабылан” кылып, колго көтөрүп колдоп алат элек.

-Өткөн жылы кышкыга дайындыгы жоктугунан Аманбай Кайыповдун маселеси ЖКда каралып үстөлүнөн учуп кете жаздаган эле...

-Туура былтыркы кыш оор болгон. Быйылкы кыш Аманбай Кайыповду аяп койду окшойт. Былтыркы маселени баардык эле депутат көтөрүп чыккан жок. Ал маселени өзүнүн тууган агасы Жолдошбаев Камчыбек депутаттарды кытыгылап, Аманбайды кетирип, оордуна кырдаалдан пайдаланып өз кишисин алып барганга далбастап жүргөнүн баары билет. Бүгүнкү күндө Нарынга мен тынымсыз каттап турамын, элде көмүр боюнча маселе жок.

-Аманбай Кайыповду канатыңызга калкалап жатасызбы?

-Жок, чындыкты айтып жатамын, Кайыпов жакшы эле иштеп жатат.

-Мелис Турганбаев менен Мелис Мырзакматовдун айрымасы эмнеде?

-Бири кабылан, бири арстан, бирок экөө тең адам...

Биз менен маекте Нарын облусунун тургуну активист Урматбек Акунов болду.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости