www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда бир нече коомдук уюмдардын биргелешкен аракети менен энергияны көпкө сактай турган курулуш материалдары менен үйлөрдү жылуулап, отунду аз короткон мештерди салуу практикасын жайылткан «Курулуштагы жашыл шыктарга окутуу» деп аталган эки жылдык социалдык долбоор ишин жыйынтыктады. Бул аралыкта аймакта 60ка жакын үйлөр жылууланып, жүздөн ашык мештер менен очоктор салынган. Ушул күнгө чейин долбоор эки жүздөн ашык жумушсуз жүргөн жаштарга кесип үйрөткөн.

Жалпысынан долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунда жумушсуз жүргөн жаштардын ичинен 209 адам үйлөрдү профессионалдык деңгээлде жылуулоо, энергияны үнөмдөй турган мештер менен очокторду салуу кесибин өздөштүрүшкөн. Кийин изилдөөнүн жыйынтыгы кесип үйрөнгөн жаштардын 75 пайызы жумуш менен камсыз болуп, эл арасынан заказ алып туруктуу иштеп жатышканын көрсөттү. Долбоорду Финляндиянын Астана шаарындагы элчилиги каржылап, «АВЕП» (Элет жергесиндеги элге кесип үйрөтүү) коомдук фонду ишке ашырды.

“АВЕП” коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токоновдун айтымында – Энергоэффективдүү технологияны колдонуу менен очок, меш салуу жана үйдү сапаттуу жылуулоо - отун менен акчага гана үнөм болбостон, экологияга дагы кам көрүү. Абаны канчалык таза кармасак  саламаттыгыбызды дагы ошончолук узарткан болобуз. Себеби биз үйлөрдү канчалык жылууласак энергоэффективдүүлүк маселеси аябай жакшырат. Көмүрдү канчалык аз жаксак, абага түтүндөр ошончолук аз бөлүнүп чыгат дагы экологияны колдон келишинче таза кармап, азыраак булганышына салым кошкон болобуз”.

2 апталык мөөнөт ичинде эле жумушсуз жаштарга жаңы кесип үйрөтүп, отунга үнөмдүү жана чөнтөккө пайдалуу болгон технологияны жайылткан бул долбоор эл арасында азыр жакшы кабыл алынып, заказ бергендер көбөйүүдө. Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн «Курулуштагы жашыл шыктарга окутуу» деп аталаган социалдык долбоор алты баланы жалгыз өстүрүп жаткан Альбина Эралиевага да жардам берген. Анын үйүн табигый материал болгон кадимки камыш менен эч кандай акы албай, сапаттуу кылып бекер жылуулап берген.

Альбина Эралиева Саруу айылында жашайт, алты баланын энеси:

“Мурда үйүмдү жылуулата электе төшөккө байпак кийип жатып үшүп жүрчүбүз. Сокмо дубал болуп, сыртын шыбаганга эч кимден каражат табылбай турган. Бир кыштап чыкканда билдик, аябай суук  болчу. Айла кеткенде балдарыбыз менен төшөккө дагы байпакчан жатып, ошондо да үшүп болгон жылыкычты сайып араң жашадык. Кийин айыл өкмөтүнө айылдык жаштарга кесип үйрөтүп, аны менен катар аялуу катмардагы адамдардын үйүн кошо оңдоп, жылуулап берген ушул долбоор келип, менин үйүмдү жылуулатабыз деп чечим кабыл алышыптыр. Анан экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу болот деп кадимки эле суу жээктеп өскөн камыш менен үйдү жылуулап беришти. Эми айланайын жыргап эле калдык. Мурда октябрдан тарта эле үйүбүз сууктап, от жага баштачумун. Азыр болсо декабрь айы киргенче үй жылуу болуп турат дагы, суук катуулай баштаганга араң жага баштайм. Үйдө байпакчан жүрүп калдык. Кечинде бир эле маал жаксам үй жылып, эртеси ошол убакытка чейин температула жылуу бойдон тура берет. Кошуналарымдын бардыгы таң калып, ушундай кылып үйдү жасатабыз деп жатышат. Мурда жакканга 3 тонна көмүр кетип, араң жеткирсек, азыр 1 тонна көмүр эле кенен жетип калды. Үйүмдү жылуулап, меш салып бергендерге чын дилден ыраазычылыгымды билдирем. Алыстагы өлкө болсо дагы ушул Финляндия деген мамлекет долбоор аркылуу биздин үйгө чыныгы майрамдык маанайды тартуулап кетти” - деп белгилейт.

Тариэл Чунгулов, NazarNews.kg

Последние новости