www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында Медреседе окуган жаштарга кесип үйрөткөн долбоор бир жылдык аткарган ишин ийгиликтүү жыйынтыктады. 2017-жылы ишке ашырылган пилоттук долбоордун алкагында түштүк аймактагы ар бир областтан бирден медресе тандалып алынып аларга “Ашпозчу-кондитер”, “Тигүүчү” жана “Компьютерде иштөөчү адис” кесиптери үйрөтүлдү. Бул максатты сапаттуу кылып ишке ашыруу үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги атайын окутуу программаларын даярдатып, окууга керектүү болгон керектүү жабдуулар менен шаймандарды алып берүүгө 1 млн 101 миң сом сарптады.

Долбоорду иш жүзүнө ашырган “АВЕП” коомдук фонду болду. Кадамжай районундагы “Имам Аъзам” медресесинде окуган 45 кыз тигүүчүлүк курсту бүтүрүп чыккан болсо азыр алар жергиликтүү бала бакчалар менен базарларды балдардын сапаттуу кийимдери менен камсыз кылып жатышат. “Биздин кыздар тигүүчүлүк кесипти жакында гана үйрөнгөнүнө карабастан, азыр бала бакчалар менен базарлардан туруктуу кардарларын таба баштады. Себеби башкалар даяр кийимдерди Кара-Суу базарына барып сатып келишсе, мында иштегендер ал жактан материалды дүңүнөн алып келип, медресе аймагынан тиккенден кийин өздөрү жеткирип беришет. Натыйжада сатып алуучуга арзан түшөт. Соодагерлер биздин кийимдин сапаттуу жана арзан экенин билип заказ берүүнү көбөйтө баштады” - дейт Кадамжайдагы “Имам Аъзам” медресесинин мүдүрү Исмаил Сайназаров. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Шейли Силвер долбоорду эл жакшы кабыл алып жаткандыгын баса белгиледи.

ШЕЙЛИ СИЛВЕР

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси

Бул долбоор АКШ элчилиги, Мамлекеттик дин комиссиясы жана муфтият, “АВЕП” коомдук фонду болуп биргеликте ишке ашырылды. Ушул ортодогу чоң бир ийгиликтүү кызматташтыктын жыйынтыгы болду. Ушул долбоор аркылуу көптөгөн жаштар кыска убакыт ичинде кесип үйрөнүп, жумушка орношуп же келечегине шарт түзүп жатканы абдан кубанычтуу нерсе. Жаштардын ийгиликке жетип жатканын көрүп аябай кубанып жатам. Долбоорду Кошмо штаттардын эли менен Кыргызстан элинин ортосундагы кызматташтыктын эң бир ийгиликтүү үлгүсү деп эсептейм.

Тариел Чунгулов, NazarNews.kg

Последние новости