www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Чоң саясатка аралашпасаңыз дагы арыдан-бери болуп маек берип чыга келесиз..."Парламент жакында тарайт" деген сөздөргө ишенсек болобу?

-Өткөн жылы Кыргызстан жаңы президентин тандап, өзгөрүүнүн алдына түштү. Бирок кантип кандайча өзгөрөт аны Кудайдан башка эч ким деле билбейт. Эми эл арасында жана Ак үйдө "парламент тарайт" деген шыбырт пайда болду. Бул "парламентти тарайт" деген кептин эки негизи бар. Биринчиси парламенттин тарашы Алмазбек Атамбаев үчүн пайда. Анткени ал өзү жек көргөн адамдарын Жогорку Кеңештен Бабановго окшотуп жок кылса, Жээнбеков өзүнө ишеничтүү жана туруктуу саясатын колдогон парламент түзүүнү ишке ашырат. Мындай партияны түзүүгө жана негиздөөгө Жээнбековдордун толук мүмкүнчүлүгү менен акылы жетет. Алсак Асылбек Жээнбеков. Ошондой эле Атамбаев саясый аренадан кетпештин амалын кылууда, ага себеп экс-президент деген наамды эч кимге кызыкчылыгы жок экендиги айдан-ачык көрүнүп турат. Андыктан Атамбаев азыр ал-күчтөн кете электе парламентти таратып, өзү төрдө кайрадан спикер болуп 120 депутат башкарып калса таң калбай эле койсок болот.

-Сиздин оюңуз боюнча азыркы бийлик кайсы партиялар менен алака түзүшү мүмкүн?

-Ачык эле айта кетейин, “Ата-Мекен” менен “Республика” партиясы тизмеден кетирет. Ичиндеги бийликке кошомат кылган айрым Сайдулла Нышановго окшогон депутаттарды алака түзгөн партияларга кошуп коет. Анткени мындай адамдар бийликке ар дайым керек жана пайдалуу. “Кыргызстан” жана “Бир бол” партиясынын чөнтөк депутаттарын СДПК өздөрүнүн тизмесине кошуп каалагандай ырдатат. Андан сырткы партиялардан “Замандаш” жана “Респуликадан” “Ата-Журтту” бөлүп, эл көзүнө “таза келген таптаза парламент” кылат. Кызыгы, Икрамжан Илмияновдун партиясы оозуп келиши мүмкүн.  

-Кечиресиз, демек Икрам Илмияновдун партиясы парламенттик шайлоого катышып калышы мүмкүнбү?

-Илмиянов азыркы маалда өз саясатын бекемдеп, буга чейин дагы жең ичинен көп саясый партияларга жан тартып келген. Бул адам дагы саясатта өз кадыры менен калуусун көздөп келет.

-Парламент тараса дагы эле акчалуулар келеби же мээси иштеген эл уулдары келеби?

–Буга чейин эл акчага алданып келген. Президенттик шайлоодо акчалуу деген Бабановду колдобой эл азда болсо түшүнүп, Сооронбай Жээнбеков менен Адахан Мадумаровду колдогонуна күбө болдук. Эгерде эл ушундай тандоону кылса партия лидерлери акчалууга эмес эл уулдарынан үмүт артышы керек. Ошондо гана Кыргызстан оңолуу жолуна түшөт.

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости