www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты президенттин жеке сайты жазып чыкты.

Мамлекет башчысы кечээ, 9-январда “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун жана анын алкагында аймактарда иш орундарын түзүү, керектүү инфраструктуралык курулуштарды жана социалдык объектилерди куруу, аймактарды өнүктүрүү жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган пландуу жумуш аткарыларын эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш анын жумушундагы негизги артыкчылык экенин жана алдыда боло турган Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупция менен күрөштүн багыттары талкууланаарын дагы бир ирет баса  белгиледи.

Президент өзүнүн Мамлекет башчысы кызматындагы тышкы саясат ишмердиги тууралуу маалымат берди. Ал расмий жана жумушчу сапарлар менен коңшу мамлекеттерге барганын белгиледи. Мындан тышкары, дин тармагы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тарыхты жана маданий мурасты сактоо, элдин биримдиги идеологиясын бекемдөө боюнча бардык башталган мамлекеттик реформалар натыйжалуу улантылаарын кошумчалады.

Жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекет башчысы 2018-жылдан тартып, Мамлекеттик ипотекалык компания турак-жайларды сатып алууга насыяларды мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык каалоочу кыргызстандыктарга жылдык 8 пайыз менен бере баштаарын жана келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чендери жылдык 6 пайызга чейин төмөндөй турганын эскертти.

Президенттин Жумгал жана Кочкор райондорунун жашоочулары менен болгон жолугушуусуна министрлер жана тиешелүү ведомстволордун жетекчилери катышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти. 

Көпчүлүк суроолор социалдык жана инфраструктуралык объектилерди, ирригациялык объектилерди куруу, ЕАЭБдин алкагында айыл чарба соода-сатыгы, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу болду.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Президент Сооронбай Жээнбеков бардык маселелер чечиле турганын, башкысы өлкөдө туруктуулук, ынтымак, талыкпаган эмгек болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы дагы бир жолу “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы бийликтин бардык бутактарын жана жарандык секторду өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүү үчүн бириктире турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости