www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул сулуу айымды карап туруп бир убакта жакырчылыкта жашаганына такыр ишенүүгө болбойт. Эң сулуу делген Голливуд актрисасы Түштүк Африкада үй-бүлөсү менен фермада жашап чоңойгон. Анын атасы дайыма ичимдик ичип, кызы менен аялына кол көтөрчү. Шарлиз 15 жашка чыкканда коркунучтуу окуяга туш болот: бир күнү зомбулук көрсөтө баштаган күйөөсүнөн коргонуу максатында апасы кызынын көзүнчө күйөөсүн атып салат.

Секелек кыз атасынын өлүмүнө жалгыз күбө болгон. Сот өлтүрүү коргонуу максатында жасалган деп таап, Шарлиздин апасын актаган. Ошондон кийин гана апасы экөөнүн жаркын жашоолоруна жол ачылган. Актриса атасын апасы өлтүргөнүн башында жашырып айтчу эмес. Алгачкы интервьюларында автокырсыктан каза болгон деп айтчу.

Кийин гана: «Ата-энем фермада бир нече бодо мал жана төө багышчу. Атам канчанчы жолу экенин билбейм, кечинде адаттагыдай мас болуп келди да чөөлөрдү, жапайы иттерди атчу мылтыгын алып апам экөөбүздү коркута баштады. Ошондо апам өзүн коргоо максатында атамды атып салды. Ал үчүн мен апамды күнөөлөбөйм», - деп ачык айтып берген.

Булак: "lady.kg"

Последние новости