www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов УКМКга арыз менен кайрылып, чагымчылардын мыйзамсыз иштерин аныктап, токтотууну суранды. Бул тууралуу журналисттерге саясий партиянын штабынан билдиришти.

Саясий уюмдун штабынан кабарлашкандай, Марат Аманкулов белгисиз адамдар анын атынан телефон аркылуу Бишкектеги мектеп директорлорунан мобилдик капчыкка акча которууну талап кылгандыгы белгилүү болгондон кийин УКМКга кайрылууга аргасыз болгон.

Партиянын штабы “Биримдик” партиясынын мүчөлөрүн добуш берүү күнүнүн алдында каралоо максатында атайылап чагымчыл аракеттер башталды деп билдирди.

Бүгүн борбор калаада Кыргызстандын көз карандысыздыгы үчүн тынчтык маршы өтүп жатат. Акциянын демилгечилери – социалдык тармактардын колдонуучулары дагы УКМКга, ошондой эле Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине арыз жазышты. Алар Марат Аманкуловду “мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн” жоопко тартууну көздөп жатышат.

Жүрүштү уюштуруу чечими 2019-жылы Москвадагы иш-чаранын видеосу Фейсбукка жарыялангандан кийин кабыл алынды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинде азыр парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан Марат Аманкулов катышкан.

Буга чейин социалдык тармактарда видеотасма чыгып, анда Аманкулов 30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө “көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Анын сөздөрү резонанс жаратты.

Ал эми Аманкулов өзү анын сөздөрү контексттен суурулуп алынганын айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости