www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин төрт районундагы бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлоруна коронавирус жуктуруп алгандар үчүн ыкчам кызмат бекитилет. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгындагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.
Анын айтымында, республиканын башка аймактарында мурункудай эле 118 кызматы иштеп, кайрылган жарандарга жардам көрсөтө берет.
“Коронавирус жуктурган жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо башкармалыгынын негизинде уюштурулган 118 кызматында көбүнчө ыктыярчылар иштеп жатышкан. Азыр абал турукташкандыгына байланыштуу бул кызматты шаардагы райондордун бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна бекитип берүү боюнча буйруктун долбоорун иштеп чыктык. Бирок аты өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми аймактарда 118 кызматы мурункудай эле иш алып барат. Ошондой эле бейтап ар бир медициналык мекеменин ишеним телефондоруна чалса болот”, — деди Ибраева.
Ал эми вирус жуктуруп алгандар жашаган дареги боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барып ийне же тамчылатма ийне сайдыра алышат.
“Азыр кайрылган бейтаптарга ийне, тамчылатма ийне саюу жагын тартипке келтирип жатабыз. Жайында оор эпидемиологиялык кырдаал учурунда ар ким дарыканадан өз алдынча алган дарысын эле сайдырган учурлар көп болгон. Азыр бардыгы дарыгердин көрсөтмөсү менен жүрөт”, — деди ал.
Булак: NazarNews.kg