www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан дүйнөнүн башын айландырып жиберет. 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо мажоритардык системада Кочкор-Жумгал округу боюнча Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров, Курманбек Байтерековдор чыгышкан. Биринчи турдан добуш ала алышпай экинчи турга чыгышканда шайлоочулардын көпчүлүгү “Каршы” добуш салып жиберишип, кайра шайлоо болгон. Бул ирет партиялык система менен шайланып жатышат,ошондуктан электораттын бары “Каршы” салып жибериши мүмкүн эмес,ошентсе да бир топ пайыз “Каршы” салып жибериши күтүлөт.

  Бул шайлоодо 7% шайлоо босогосунан өтүш үчүн болжолдуу 125 000 добуш керек экен. Учурдагы абалды болжол менен партияларды үч топко бөлүп койсо болот:

  1. Парламенттик шайлоодон кандайдыр бир күчкө таянабы, өтө турган партиялар: “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Республика”.
  2. Конкуренция зор, атаандаш күчөп баратат, болгон күчун салышып, парламентке өтүп кетиши мүмкүнчүлүгү бар партиялар: “Бир бол”, “Замандаш”, “Ата-Мекен”, “Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстан”.
  3. Үчүнчу топко элге таанылыш үчүн же мурун элге таанылса өз статусун кармап туруш үчүн парламентке келген партиялар бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости