www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Россия менен Украинанын ортосундагы согуш оту качан, кайсы мезгилге барып аяктайт деген маселе, көп талкууланып жаткан темалардын бири. Азыркы тапта дүйнө назарында, Америка башында турган НАТО жеңилип, Россияга оомат оору арбын айтылып жатат. Бул тууралуу саясий, аскердик эксперттердин анализине көңүл бурсак, чыныгы жагдай кандай деңгээлде өөрчүп жатканы түшүнүктүү болот.
Эки боордош, коңшу өлкөнүн мамилесинин бузулушу, геосаясаттагы саясий-экономикалык баланстын жаңыланышына душар кылды. Америка Россиянын аскердик, экономикалык кубатын алсыздандыруу аркылуу, дүйнөгө бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу үчүн Украинаны отко салып берди. Бирок Американын мындай ач көз максаты тескери жыйынтык берип, миллиарддаган доллар чыгымга учурап, экономикалык оор абалга кептелди. Ал эми Украина болсо бир канча аймагынан ажырап, эгемендүүлүгүнө коркунуч туулуп, жакын арада жеңилүү ызасын тартканы турат.
Бүгүнкү күндө Украинанын абалы өтө оор. Жардын кырына келип калды десек аша чапкандык болбойт. АКШ Киев режимине болуп көрбөгөндөй ири сумма жумшай берип чарчады, жакында мындай колдоо токтойт.
Арийне бул тууралуу Украинанын экс-премьер-министри Николай Азаров: "Вашингтон акча сарптай бергенден чарчады, жардам жакында түгөнөт", — деп бир нече ай мурда соцтармактагы баракчасына жазган болчу. Мына эми ошол көрүнүш турмуш чындыгына айланганы калды. Чынында, АКШ дагы бир нече жылдай Украинаны колдойт деген жомокко акылы жайында болгон бир да киши ишенбейт.
Мына АКШнын Улуттук коопсуздук кеңештин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби Конгресс
кошумча каржылоого акча бөлбөй жатканынын кесепети Украинаны андан ары колдоого өзүнүн терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Ал CNN телеканалына берген маегинде мындан аркы көмөк Конгресстин кошумча акча бөлүү чечимисиз "аксап каларын" белгиледи. Кирби өз сөзүндө мыйзамчыларды 24 миллиард долларды маалкатпай бөлүп берүүгө чакырды. Мунусун Украина күчтөрүнүн контрчабуул кылууга жакшы шарт түзүлүп турганы менен түшүндүрдү.
Бирок АКШ чалгын кызматынын Украина Куралдуу күчтөрүнүн жыйынтыгы жок контрчабуулунун майнапсыздыгы тууралуу терс маанайдагы маалыматынан улам америкалык конгрессмендердин айрым бир бөлүгү Киевге жардамдын жаңы пакетин бекитүүгө каршы чыгууда. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Washington Post жазды.
Буга дейре АКШ президенти Жо Байден мыйзам чыгаруу органына Украинага колдоо көрсөтүү боюнча сурам жөнөткөн. Киевге аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ал 24 миллиард долларга чукул акча суроодо. Конгрессмендер болсо бөлүнгөн жардам, миллиарддаган каражат талаага кетип, контрчабуулдан эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын жүйө келтиришип, Байдендин Украинага 20 миллиард доллардан ашкан жардам көрсөтүү өтүнүчүн четке кагышууда.
Айтмакчы, буга чейин АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди Украинага 113 миллиард долларлык колдоо көрсөтүлгөнүн, ал арада миллиондогон америкалык кароосуз калып жатканына каңырык түтөтүп, кейиген.
Ал эми АКШнын Республикалык партиясынын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин: "АКШнын санкциялары кыйрады. Украинага мындан ары эч кандай каражат берилбесин", - деп Украинага финансылык каржылоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакырган.
Саясатчы өз сөзүндө Вашингтон Киевге 113 миллиард доллар бергенин, мындан тышкары, ай сайын бир миллиарддан жөнөтүп жатканын эске салып, "Россия байып жатат, Америка болсо триллиондорго жакырланууда", — деп билдирген.
Ырасында, Швейцариялык UBS банкы "Глобалдык бакубаттуулук жөнүндө" доклад жарыялаган. Банктын докладына караганда, өткөн жылы көпчүлүк мамлекеттердин жашоо шарты төмөндөгөн. Бул биринчи кезекте АКШга тиешелүү. Ал эми Россияда, тескерисинче, 600 миллиард долларга өсүш байкалган. Ырасында, Россия Украина менен болгон жаңжалдан бери Америка менен Батыштын санкцияларына карабай, экономикалык өсүштү камсыздап, аскерий кубаттуулугун арттырган. Ал эми Америкада абал такыр башкача.
Тактап айтканда, Украинанын колу менен чок кармап, Россияны чачыратып, табигый жаратылыш ресурстарына ээлик кылууну максат кылган Американын план-максаттары тескери чыгып, дүйнөгө жеке үстөмдүк кылуу кыялы кыйрап, экономикалык оор кырдаалды баштан кечирүүдө.
Бекеринен ЦРУнун мурдагы серепчиси Ларри Жонсон: "АКШ снаряддарды чыгаруунун темпин Киев үчүн зарыл болгон деңгээлге чейин көтөрө албайт, Украина кышында ок-дарынын жетишсиздигинен, техниканын жана жумушчу күчүнүн чоң жоготууларынан улам жеңилүүгө учурайт", - деп кырдаал декабрдан кийин татаалдашып, Украина кыйроого учурайт деген божомолун жөн жеринен айтып жаткан жок.
Анын айтымына караганда, АКШ индустриаялык мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бүгүнкү күндө Америка Украина бир айда атып бүтүп койгон снаряддарды бир жылда дагы чыгара албай турган абалда. Демек, күн өткөн сайын Америка жакынкы келечекте Украинанын согушуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү артиллериялык снаряддарды камсыздап бере албай калат.
Айткандай, ала жазда эле Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор журналист Стивен Гарднерге берген маегинде Киевдин төбөлдөрү 2023-жылдын соңуна чейин өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготушу мүмкүн экенин, Батыш ЖМКлары Украинадагы абал чындыгында оор экендигин туура чагылдырбай, коомчулукту жаңылыш пикирге түртүп жатканын айткан. Ал өз сөзүндө: "Жылдын соңунда Украина улуттук мамлекет катары жашап турарына ишене бербейм... Өлкөнүн ичиндеги абал үрөй учурарлык, жоготуулар андан жаман", — деген.
Дал эле ушундай көз карашты АКШнын Деңиз аскерлеринин чалгын кызматынын офицери Скотт Риттер айткан. Ал Украинанын быйыл күздө, тагыраагы, октябрда капитуляция болорун билдирген болчу.
Кыскасы, Украинанын тагдыры кылдын учуна келип калганы Американын өзүндө кеңири сөз болуп, АКШ башында турган НАТО, бүтүндөй Батыш жеңилүү ызасын тартаары ишенимдүү айтылып, талкууланууда...
Дүйнөлүк саясатты тыкыр карай турган болсок, В.В.Путин жеңишке жетти жана аз убакыттын аралыгында каршылаштарынын далысын жерге тийгизди, бир сөз менен айтканда ал бүтүндөй Европаны багынтты.
Шерипбаева Г. К.
"NazarNews" маалымат агенттигинин Башкы редактору