www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Кремлде аскердик эрдиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон аскер кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты маалымдайт.

Мамлекет башчы катардагы жоокер Иван Калашников, ефрейтор Алексей Ивлиев, катардагы жоокер Вячеслав Тарасов жана улук сержант Виктор Хамаганов менен сүйлөштү (ал видеобайланыш аркылуу жолугушууга катышты).

Белгилей кетсек, 22-августта Донецк Эл Республикасынын Урожайное кыштагынын аймагында орус аскерлери  душмандын артыкчылыктуу күчтөрүнүн 12 чабуулчу учактарынын мизин кайтарды. Президенттин жарлыгы менен Иван Калашниковго Орусиянын Баатыры наамы, Алексей Ивлиев, Вячеслав Тарасов жана Виктор Хамагановго «Эрдик» ордендери ыйгарылды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости