www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Эрнест Карыбеков системаны оңдобой туруп, тууну алмаштыруу ыйманы жок адам сакал коюп, дамбал, паранжы  кийип алгандай эле болуп кала турганын билдирди. 

-Негизи биздин ата-бабаларыбыздын Көкө-Теңир туусун колдонсок жакшы болмок, эгерде мамлекет, мамлекеттин кызматкерлери, депутаттар ошого татыктуу болушса. Тилекке каршы, азыр эл өкүлдөрү аны колдонууга татыктуу эмес. Анткени, депутаттардын мамлекеттин, өлкөнүн, элдин, улуттун жашоо-турмушун өзгөртө турган системалык сунуштары жок. Жөнөкөй популизм менен гана алек болуп жатышат.

Ошондуктан желекти өзгөртөрдөн мурун улуттун жолун, жашоо эрежесин көрсөтүшсүн. Андан кийин өзгөрүштүн жолун көрсөтүшү керек. Тагыраагы, түшүнүк болуш керек. Түз сызык ой жүгүртүү эмес, комплекстүү, фундаменталдуу, 100 жылга идеология, саясат болуш керек. Чириген системада жашап туруп, тууну эле алмаштыруу бул популизм. Тагыраагы, ыйманы жок адам сакал коюп, дамбал, паранжы  кийип алгандай эле болуп калат,-дейт Эрнест Карыбеков. 

Эске сала кетсек буга чейин Жогорку Кеңеште төрага Нурланбек Шакиев туу боюнча маселе көтөрүп, күндүн нурун алмаштыруу керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости