www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата “Көп кырдуу көсөм” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖКнын экс-төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, президентин кеңешчиси, белгилүү укукчу журналист Нышанбек Кочкоров, КР Улуттук жазуучулар кошунунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев, баяндама жасаган окумуштуулар, аталган окуу жайдын жетекчилиги жана студенттери катышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Молдо Нияздын 19-кылымда эле көп тил билгендигине токтолуп, идеологиялык иш-чараларды көбөйтүү зарылдыгын айтты. Конференцияда Молдо Нияздын чыгармачылыгы, санаттарындагы сөз маанилери, акынга тиешелүү архивдик жаңы материалдар, ырларынын мазмундары боюнча кеңири баяндамалар жасалды.
Иш-чара “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрүнүн Молдо Нияздын ырларын көркөм окуу менен жыйынтыкталды.
Эске салсак, быйыл Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата иш-чаралар облус аймактарында, жогорку окуу жайларда, түрк тилдүү өлкөлөрдө белгиленүүдө.
Акын тууралуу 5 китеп жарык көрүп, атайын көркөм даректүү тасма да тартылды. Фильм негизги 200 жылдыкты белгилөөнүн алдынан телеканалдардан көрсөтүлөт.
Булак: NazarNews.kg