www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент садыр Жапаров Белградда желегибизди дүйнөгө желбиретип, Кыргызстандын беделин эл аралык аренада даңазалаган спортсмендерибизди татыктуу тосуп алганга жарабаган Маданиятр министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берди. Негизи эскерткенден, сөгүш бергенден майнап чыгаары арсар. Себеби, дээринде жок, мажүрөө, жүдөмүш кадрларды сөккөн менен тилдеген менен, мойнунан байланган ит ууга жарабайт дегендей, колдорунан эч нерсе келбейт.
Мына Маданият министри Алтынбек Максүтов иштей албай жатканы буга чейин эчен ирээт айтылды. Бирок негедир президент анчейин көңүл бурган эмес. Анан минтип кемчилиги, ишти жөндөй албаган чабалдыгы ашкере болуп отурат. Негези ушул жөнөкөй эле уюштуруу иштерин оңдуу жолго коё албагандан кийин, башканы кыйратат дегенге ким ишенет? Экинчи ирээт министр болуп келди. Ишинде көргөн көз кубангандай жарытылуу майнап жок.
Андыктан, эскертүү берип эркелетип отурбастан иштен алып, ордуна жигердүү, иштен көзүн билген кадрды алып келген оң болмок. Бул Максүтов министр болуп турганда маданият тармагында эзели жылыш болбой турганы сокурга дагы дайын болуп калды.
Булак: NazarNews.kg