www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөндө митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Оштун Өзгөн районунда 8-сентябрдан 8-ноябрга чейин митинг, тынч акцияларга чогулууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда “Азаттык” Ош облустук сотунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү Өзгөн райондук сотуна тынч жыйындарга чогулууга тыюу салуу арызы менен кайрылган. Сот арызды 12-сентябрда канааттандырган.

Сот чечимине ылайык, Өзгөн райондук администрациясынын, мэриянын, маданият үйүнүн, айыл өкмөттөрдүн алдында, стадиондордо жана башка коомдук жайларда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Өзгөндө митинг, жыйындарга эмнеге тыюу салынганынын себеби айтылган жок.

26-сентябрда Өзгөндө абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген эмес. Саясатчынын отуздан ашуун тарапташы Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулган. Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды тараткан.

Бишкекте дагы жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү үч айга узартылды. Бүгүн 29-сентябрда Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө арызын канааттандырган чечим чыгарды.

Чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келет. Соңку чектөө 30-сентябрга чейин деп аныкталган.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Орусиянын, Украинанын, АКШнын элчиликтеринин алдында жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге да чогулууга тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Горький атындагы бакчага чогулса болот. Бир катар укук коргоочулар митингдердин тыюу салынышын сындап чыгышкан. 

Последние новости